Айбат » Ачкачылыкка дагы 3 киши кошулду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ачкачылыкка дагы 3 киши кошулду

DSCN8967Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов баштаган ачкачылык иш-чараны колдоочулар көбөйө баштады. Ушул убакка чейин Жеңиш Молдокматов жана Акыл Халматов болсо, бүгүн түшкө жуук Келдибек Жумаев, Адилет Жылкыбаев жана Камчы Кутманалиев кошулду. Мындан тышкары колдоочулары жана тарапташтарынан ачкачылыкка кошулууну көздөгөндөр арбууда дейт Ж. Молдокматов. Бул туурасында аталган активисттин маалымат кызматы таратты. 

Жеңиш Молдокматов берген маалымат боюнча, азыркы маалда Токмок шаарынын администрациясы тарабынан атайын медициналлык комиссия түзүлүп, ачкачылыкка чыккандардын ден-соолугун текшерип турмай болушту. Азыркы маалда ачкачылыкка чыккандардын абалдары жакшы. 

Ачкачылыкка чыккандардын талаптары аткарылмайынча ачкачылык иш-чарасын токтотпоорун белгилешти.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда маалымат жыйында жаш  активист Жеңиш Молдокматов, өкмөт “Апрель революциясынын баатырларынын” бири  Чынгыз Султановдун үй бүлөсүнө 1 миллион сом жана батир бөлүп бербесе, биз 16-сентябрь күнү ШКУ саммити бүткөндөн кийин  ачкачылык жарыялайбыз деп билдирген. Анын айтуусу боюнча өкмөт “апрель революциясынын баатырларына” материалдык жардам жана батир беребиз деген убадасын аткарган жок. “Чынгыз Султановго 2010-жылы ок тийип, жарадар болгон. Ал 1 жыл 9 ай дегенде каза болгон. Анын оорусу күч алып, дарыгерлер 6 кабыргасын кесип салышкан. Бирок, каза болгондон кийин Убактылуу  өкмөттүн “бир жолу бериле турган материалдык жардам” жөнүндө Токтомун Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт аткарбай келет. Акыркы 2 жылдан бери Ч. Султановдун жалгыз энеси  Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып,  Өкмөттөн суранып келген. Тилекке каршы бул сураныч бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Ал эми октон жабыркап шейит болгон Кыргыздын баатыры Чынгыз Султанов кургак учук оорусунан каза болгон деген бүтүм чыгарып коюшту. Чынгыз Султановдун  апасы Артыкбаева Тамара жана жалгыз кызы Токмок шаарындагы жеке ишкердин сарайында жашап келет.

Ачкачылык иш-чаранын өтүп жаткан жери: 16-сентябрь күнү саат 16:00 дөн баштап Токмок шаарынын 3 кичи районунун 27 үйүнүн 2 батиринде ачкачылык иш-чарасын өткөрүүдө.

Токмок шаарында өткөрүүнүн максаты, Чыңгыз Султановдун энеси менен жетим кызынын жашап жаткан үйүн Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп, чагылдыруусу.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru