Айбат » Депутаттар аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунушташууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Депутаттар аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунушташууда

ПАРЛАМЕНТБүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында, “Мергенчилик кылуу жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкуулап жаткан учурда КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов аңчылыкка мораторий киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлү учурда бул тармакта тиешелүү органдар өздөрү коррупцияга малынып жаткандыгын айтып өттү.

Кесиптешинин мындай пикирин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева колдоого алды.

“Кыргызстандын аймагындагы жаныбарларга аңчылык кылбоо үчүн 3-5 жылга мораторий жарыялаш керек”,-деди ал.жана ошондой эле Кыргызстанда 250дөн 280га чейин илбирс бар. Мындай маалыматты парламенттин жалпы жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атаджанов билдирди.

Анын айтымында, учурда кызыл китепке кирген, сейрек кездешүүчү бул жаныбарларды сактап жана аларды коргоо боюнча иштер жүрүп жатат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru