Айбат » Жумгал районунун жаңы эмблемасы даярдалып чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгал районунун жаңы эмблемасы даярдалып чыкты

logo_sutНарын облусунун Жумгал районунун эмблемасы (мындайча айтканда белгиси, туусу жана желеги) толук кандуу такталып даярдалып ишке берилди. Буга чейин жарыяланган маалыматтарда белгиленгендей районду баяндап турган эмблемасын жаратууга атайын сынак жарыяланган. Өз сунуштары менен толук кандуу райондун белгисин чагылдырууда эң зор баяндамасы менен «Жумгал KG» сайттын техникалык жаратуучусу Жумабеков Алмаз учурда Жумгал районунун эмблемасын жаратып чыкты.

Бул тууралуу «Жумгал KG» маалымат булагынын өздүк кабарчылары маалымдайт.

Бизге белгилүү болгондой, башка облус, райондордун атайын аймагын белгилеп турчу эмблемалары болуп келсе, Жумгал райондо ушу кезге чейин районду баяндап турган эмблемасы болгон эмес. Бул сунушту райондун жетекчилиги менен жана айыл активистери менен толук кандуу баарлашуудан соң бул белги кабыл алынып толук кандуу пайдаланууга берилди.

logo_sutЭмблеманын чечилишине карасак: 1:- Күндүн нуру — күн баарыбызга бирдей тийет, андан тышкары Нарын облусу 5 районду кучагына камтыйт. 2:- Күндүн өзү, күндүн жалыны, айлананы курчап турган мейкиндик. 3:- Биз тоолу жана жайыттуу аймак болгонубуздан, жашыл түс жайыттын кенендигин белгилейт. 4:- Бидин сүйүктүү таза жана касиети зор, кенен болгон тунук таза көлдөрүбүз Соң-Көл жана Ак-Көлдүн түсү чагылдырылган. 5:- Биздин аймак кара алтындын мекенине бай, кышы суук жайы салкын болгондуктан бул жерде биздин аймактан чыккан көмүр отуну чагылдырылган.

Жалпы көрүнүшкө токтолсок: Бул эмблема жалпысынан караганда адамдын көзүнө келип такалат, жарык жана маанайлуу көрүнүш, жакшы жака умтулуу жана жакшы маанай жаратуучу көздүн түзүлүшү. Бизди бардык облустун жана өлкөнүн жашоочулары бирдей көз карашта.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru