Айбат » Чаткал РИИБнин бөлүм башчысынын орун басарынын үйүнөн 2 капка салынган баңги затынын өсүмдүгү табылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Чаткал РИИБнин бөлүм башчысынын орун басарынын үйүнөн 2 капка салынган баңги затынын өсүмдүгү табылды

Чаткал

Жалал-Абад облусундагы Чаткал РИИБынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысынын орун басарынын үйүнөн эки капка салынган баңги затын даярдоочу өсүмдүк табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБынын басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы. Маалыматка ылайык, салмагы 13,5 килограммды түзгөн баңги затын даярдоочу өсүмдүк салынган эки кап милициянын подполковнигинин үйүнүн үстүңкү бөлүгүнөн табылган. Баңги затынын өсүмдүгүн сактоого Чаткал РИИБынын милиция кызматкери да шектелүүдө. Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн аталган аймакка Жалал-Абад ОИИБынын кызматкерлери, облусттук прокуратуранын кызматкерлери жөнөп кетишти. Кармалган жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе каралууда. Жалал-Абад ОИИБынын башчысынын буйругуна ылайык, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

Айбат гезити №45




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru