Айбат » Ашыкча салмакка каршы чаң соргуч менен үтүк

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ашыкча салмакка каршы чаң соргуч менен үтүк

1Апам таң атпай келип: “Сага фитнес клубга абонемент алып койдум”,-деди. Уйкусурап жаткан менин көздөрүм умачтай ачылды. Ордумдан секирип турдум. Кубанганымды айтпаңыз. “Дене бойду калыбына келтириш керек”,-деп наалып жүргөнүмдү уккан кайран апам, катып койгон акчасын чыгарган экен деп сүйүнүп жүрөм.

“Бирок бир шартым бар”,-деди апам, мыйыгынан жылмайып. Мен абонемент үчүн бардыгына даяр элем. Бүгүн үйдү мизилдетип жыйнап, тамак жасап кой, эртең бошсуң деди. Ошол элеби, заматта бүтүрөм дедим да, апамдын гүлдүү жолугун тысырайта салынып, кыска шымды кийип алып ишке кириштим. Апам болсо мени жалгызсырабасын дедиби, жакшы көргөн ырлар жыйнагымды ойнотуп коюп, өз иштери менен кетти.

Кечинде тамактанган кийин апам: “Мына сага фитнес клубга абонемент”,-деп тортту көргөздү. Түшүнбөй карап турсам, күлүп айтып берди. Көрсө эртеден бери мен үй жыйноо фитнеси менен машыгып жатыптырмын.

 

Апам ишке кетери менен шейшептерди алмаштырып баштагам. Анда 10 мүнөттө 32 ккал кетиптир. Жуулган кийимдерди үтүктөп 15-27 калориядан, аларды орду-ордуна жайгаштырып, 18 калориядан арылган экенмин. Андан кийин диванды тазаладым, минус 30-50 ккал. Ашканадагы идиштерди жууп бүтүп (18 ккал), жуунучу бөлмөнү жалтыраттым (110 ккал). Чаң соргуч менен килемдерди тазалаган соң (20-32 ккал), полдорду швабра менен жууп баштадым эле (70 ккал), орто жолдон сынып калса болобу. Айла жок тизелеп алып, кол менен жууганга туура келди (120 ккал).

Баарын жыйыштырып бүткөндөн кийин жуунуп, тазаланып (20 ккал), азык-түлүк алганы жөнөдүм. Эки колго эки баштыкты көтөрүп алып үйгө келсем, лифт иштебей калыптыр. Сегизинчи этажга чейин жөө чыктым (мүнөтүнө -9-10 ккал). Кирип эле саатты карасам апам келчү убакыт болуп калган экен, жанталашып жашылча-жемиштерди аарчып (30 ккал) тамак жасадым. Анан апам иштен келип, жанагы тамашасын айтып жатпайбы. Баарын эстеп күлүп отуруп калдык. Ошончо “эрдиктен” кийин өзүмө ыраазы болуп бир кесим торт жей калам деп кайра 370 ккал кошуптурмун. Ал бир саат чаң соргуч менен тазалоо же жарым саат тизелеп алып пол жуу дегенге барабар.

Ошентип апамдын «үй шартындагы фитнесин» үйрөндүм :). Үйдө тазалык болуп турса кандай жакшы ээ, ал эми ал тазалык арыктоого да жардам берсе, андан да жакшы эмеспи.

Бакуля, Стамбул шаары

Айбат гезити №45



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru