Айбат » Экс-президенттин карызын балдары төлөйт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Экс-президенттин карызын балдары төлөйт

Түштүк Кореяда коррупция боюнча айыпталган мурдагы лидердин балдары жоголгон акчаларды кайтарып берүүгө убада кылышууда. Чон Ду-хван Түштүк Кореянын 1980-жылдары аскерий төңкөрүш аркылуу бийликке келген лидери болгон. Ал диссиденттерди куугунтукка алган, бирок ошону менен бирге бул өлкөнүн өнөр-жай экономикасынын мүмкүнчүлүктөрдүн алдын ала сезе билген. Чондун бийлиги учурунда бизнесмендер кысымга алынып, жүз миллиондогон долларларды мыйзамсыз фонддорго которууга аргасыз кылган. Соңку жыйырма жылдан бери ал Түштүк Корея өкмөтүнүн бул акчаларды кайрадан кайтарып алуу аракеттерине каршылык көрсөтүп келет.

Эми анын балдарынын бири коомчулук алдында кечирим сурап, жүз элүү миллиондой долларды кайтарып берээрин жарыялады. Прокурорлор мурдагы лидердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн артынан сая түшүп, чоң суммадагы акчаларды кайтарып алууга катуу аракет көрүп жатышкан эле.

Жакынкы күндөрү бийликтер Чон Ду-хвадын Сеулдун батышындагы бакчасын тартып алышкан. Чон Ду-хван Түштүк Кореянын баш көтөрүп келе жаткан демократиялык өнүгүүсүн артка тарткан, диктатор жетекчи катары тарыхта калган.Эми анын балдарынын бири коомчулук алдында кечирим сурап, жүз элүү миллиондой долларды кайтарып берээрин жарыялады.

Коомчулук аны бийликте турган учурунда өзүн жана үй-бүлөсүн байытууга көбүрөөк кызмат кылды деп эсептейт. Ал 1996-жылы коррупция жана аскерий төңкөрушкө барганы үчүн өлүм жазасына кесилген эле. Бирок, кийинчирээк улуттук жарашуу процессининин алкагында бул оор өкүм жокко чыгарылган.

Анын үй-бүлөсүнүн бийликтер менен кызматташпай келгени Түштүк Кореяда бизнесмендер жана саясий элитанын өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылбайт деген сындарды пайда кылган. Жаңы президент Пан Кын-хе коррупцияга каршы күрөштө кескин кадамдарга барып жатканы көрүнүүдө. Анын атасы дагы бир кездерде бийликти күч менен тартып алып, саясий куугунтук уюштурганы менен белгилүү болгон. Бирок, анын чынчылдыгы жана Түштүк Кореянын экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымына көптөр азыркыга чейин жогору баа беришет.

доллар

Айбат гезити №45




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru