Айбат » Базар-Коргон районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча оор кылмыштын бети ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » Базар-Коргон районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча оор кылмыштын бети ачылды

1

Үстүбүздөгү жылдын 14-август күнү түндөсү Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл округунун имаратынын алдында жайгашкан суу көлмөсүнүн ичинен белгисиз эркек адамдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Алынган маалыматка караганда, изкубарлардын бир канча күн жүргүзгөн иликтөө иштеринин негизинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн маркумдун өздүгү аныкталып, Базар-Коргон районунун Чек айылынын тургуну, 1977-жылы туулган Исманов Жабахир болуп чыккан. «Адамдын өңү таанылбай калган адам өлүгүнүн өздүгүн аныктоо өтө кыйынчылыкка туруп көп эмгекти талап кылды. Мында милиция кызматкерлери бир топ күн убара болушуп, айылдагы көп адамдарды сурамжылап, далилдей турган заттар жок араң дегенде изине түшүштү. Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин кылмышты иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин дыкаттык менен жүргүзгөн оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында мыкаачы аныкталды. Ал Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын тургуну, 1971-жылы туулган Юлбарсбек Сатывалдиев экен», – дейт ОИИБнин басма сөз катчысы Жусуп Камбаралиев.

Ю.Сатывалдиев маркум Ж.Исманов экөө спирттик ичимдик ичип олтурушуп мас болуп өз ара уруша кетишип, аны мастыгы менен арматура менен башка чаап, сабап өлтүрүп алган. Маркумдун денесин жашырыш үчүн Базар-Коргон айыл округунун суу көлмөсүнө салып ийген. «Жогорудагы оор кылмыш боюнча Базар-Коргон РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 97-беренеси менен (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, азыркы убакта алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө», – деп билдирет ОИИБнин басма сөз кызматы.

Айбат гезити №45



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru