Айбат » УКМК: Оппозициянын бийликти алуу планын “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөсү тастыктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » УКМК: Оппозициянын бийликти алуу планын “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөсү тастыктады

Хизб ут-Тахрир

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) оппозиция өкүлдөрүнүн “оппозициянын бийликти алуу планы жөнүндө айткан Эрлан Өмүралиевге УКМК кысым жасаган” деген дооматтары негизсиз экенин билдирет. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы REGNUM маалымат агенттигине маалымдаган.

“Бүгүн Эрлан Өмүралиевдин видео билдирүүсүндө айтылган тараптар басма сөз жыйынын берди жана УКМКга болгон дооматтарын айтышты. Буга байланыштуу Эрлан Өмүралиев УКМКнын Нарын областындагы башкармалыгына өз ыктыяры менен келгенин жана өз каалоосу менен оппозициянын пландары жөнүндө айтканын белгилеп кетүү керек”,- деп билдиришкен ведомстводон.

“Азыркы учурда фактыларды текшерүү жүрүп жатат. Эрлан Өмүралиевдин сөздөрүн “Хизб ут-Тахрир” партиясынын мүчөсү Бактыбек Жуматаев да тастыктады”, -деп билдирген басма сөз кызматы.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru