Айбат » Т. Акун президенттик аппараттын башчысы Д. Нарымбаевдин отставкасын талап кылып чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Т. Акун президенттик аппараттын башчысы Д. Нарымбаевдин отставкасын талап кылып чыкты

Акун

Үч күндөн бери ачкачылык кармап жаткан, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ЖК депутаттарынын таркашын талап кылып жаткан болчу. Бүгүн ал талапка президенттик администрация башчысы Данияр Нарымбаевди кошуп, отставкага кетүүсүн айтып чыкты. Анын маалыматына караганда Т. Акунду кызматтан кетирүүгө Д. Нарымбаевдин аракети чоң болгон.

Мындан сырткары Т. Акун дагы бир сырдын башын ачты.  “Экс депутат Камчы Ташиев түрмөдө камалып жатканда анын психикалык жактан ой жүгүртүүсүндө “мандем” бар экендиги тууралуу айтып чыгышымды өтүнгөн. Анан ал менин айтуумдун негизинде справка жасагысы келген. Мен анын айткандарын аткарган жокмун. Ден соолугу чың адам тууралу  кантип антип айтмак элем? Ал президент талап кылып жаткандыгын айтты. Мен айтылган сөздөр боюнча президентке кирип, тактайын дегем. Ал эми Нарымбаев мени ал жакка киргизбей койгон-дейт.

Т. Акундун маалыматына караганда Д. Нарымбаев сотко  буйрук берип жатат. “Ал бийликте турганда мен  сотто ута албайм. Д. Нарымбаевди кызматтан алмайынча сот ишин токтото турууга аракеттерди көрүп жатам”-дейт.

Назаркул Жоошбаев 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru