Айбат » Кыргызстандын коопсуздугун депутаттар сактайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстандын коопсуздугун депутаттар сактайбы?

ПАРЛАМЕНТ

Деги биздин коом кайда баратат? Түшүнүп болбойт. Айрым бир мамлекеттин бийлигин сындоону кесипке айлантып алгандар Кыргызстанда күч органдары иштебейт. Мамлекеттин коопсуздугун ойлогон эч ким жок. Баары эле митингке жүгүрүшөт десе ишенбей кетет экенсиң. А бирок митингке кимдер чыгып жатат? Мамлекетти сындагандар кимдер? Бул баягы жумурткадан кыр издеп бийликке жетпей калган адамдардын жоон тобу. Алар акыркы мезгилде журналисттерди колтука түртүп, кулактарына шыбырап атайын материалдарды уюштурууга өтүштү. Сөзүбүз кургак болбос үчүн фактыларга кайрылалы. Атап айтканда  журналисттердин бир тобу УКМКны таламайга  алышты. Себеп? Себеби, УКМК эч кимден уруксаат сурабай Э. Өмүралиев тууралуу видеону калкка жарыялап жиберген имиш. Алардын ою боюнча бул  видео  калк  сынына чыгарылбай калса жакшы болмок тура. Анткени  «жабылуу  аяк жабылуу бойдон калмак». «Кой да аман, карышкыр да аман».  Кыскасы, коомчулук  мынчалык дүрбөлөңгө түшмөк эмес. Мына  мурдунан алысты көрө албаган жазмакерлердин көрөңгөсү. Бир туруп УКМК каякты карап жүрөт дейсиңер? Кайра аны сындайсыңар? Деги силерде принцип деген болобу? Же, анча-мынча тыйын ыргытып койгон адамдын күүсүн чертип, чоорун чорлогон  «азыркы замандын арзыматы» болгондон башка  дараметиңер калбай  калганбы? УКМК эң оболу мамлекеттин коопсуздугун сактаарын силерден артык  билген жан жок го? Же жалганбы. Жогорку Кеңеште куйтуланган депутаттар  менен биригип алып  УКМКны саясый оюндарга  аралаштырууга  аракеттенген шахматтагы «ат жүрүш» жасап кутумданганыңарга жол болсун.

УКМК  кыргыз мамлекетинин коопсуздугун сактап,  бүтүндүгүнө шек келтире  турган  ар бир факт менен иштейт. Андай болгондон кийин Э.Өмүралиевдин  опозициянын пландары тууралуу видеосун неге  жарыялаганга болбойт?  Же, окуянын болушун күтүп, кол куушуруп отура бериш керек беле? Оппозициянын юпигейт планы, цианидди колдонуу жана башка  урунтуу   учурлар болбойт дегенге ким кепилдик берет? Эгер кудай уруп  андай  каргашалуу окуя болуп   кетсе, бүгүн УКМКны сындаган жазмакерлер менен бети калың депутаттар эртең  эле  УКМК каякты карап жүрөт деген айгайды алгач ошол өздөрү салмак, туурабы? Кыргызстандын экологиясынын коопсуздугун сактоо бул мекеменин аткара турган иштеринин бири. Андыктан ал маселе эл алдына  учурунда коюлган. Биздин жергебизге   кыянаттык кылгандарды эл билсин, журт билсин  деген гана тилек. Анын эмнеси жаман. Коопсуздук  комитети  мындай маселелерге көңүл  бөлбөсө, анда бул ишти  ким алпарат? Э.Өмүралиевдин зар какшап жазган арызындагы  оппозициянын  бийлике жетүү үчүн   түзгөн адамга  сыярлык эмес пландары  ШКУ болоордун астында ишке ашып кетсе   дүйнө коомчулугунун алдында  Кыргызстан кандай абалда  калат  эле?  Деги  бул иш –чараны алдын алып койгону  үчүн УКМКны  күнөөлөбөй, тескерисинче кыргызстандыктар рахматын айтыш керек. А эмне? Оппозиция бардык жерде бар. Оюна келгендерди оттой берет. А бирок баары мыйзам чегинде болгону дурус. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жыйырма эки жылдан бери УКМК азыркыдай иштеген эмес. Болгон ресурстарына жараша, интеллектуалдык көрөңгөсү, профессионалдык деңгээлдеринин жетишинче иштеп жаткан органга болбогон жерден кылапат айтуу эч ким кимге абийир алып келбейт. Кыргызстан кичинекей өлкө. А бирок дүйнө коомчулугуна таанымал намысы бар. Чакан эл, чакан жердин коопсуздугун көздүн карегиндей сактаган бүгүнкү күндүн чекистерине жалпы элдин көзү түз. Албетте эл болгондон кийин алардын арасында саман-топондору да болот. Ага  арданбаш керек. «Кербен жүрө берет, ит үрө берет» дегендей бир ууч жазмакерлер менен ичине таруу айланбаган депутаттардын кебине терикпей кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла бергиле деген  аруу тилектен  башка оюбуз жок.

Канат Бердибаев, ардагер

Айбат гезити №45



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru