Айбат » Журналистикага жаңыча кадамдарды таштоого убакыт келип жетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Социалбет » Журналистикага жаңыча кадамдарды таштоого убакыт келип жетти

журналистика

Биз – кыргызстандыктар, кызык эле элбиз. Тагдыр бизге бул жарыкчылыктагы өтө берекелүү жерди берген, эң жакшы климат, таза аба жана таза суунун башындабыз. Биз эгемендүүлүккө жетиш үчүн жапа чеккен жокпуз, курсагыбыз да ачкан жок, мамлекеттүүлүктү да эч кандай жолтоолук жок тургуза алдык. Бизге инфраструктурасы өнүккөн жана сабаттуу, билимдүү калкы бар мамлекет калган. Биз өзүбүздүн тилибизди, үрп-адаттарыбызды жана маданиятыбзды да сактай алдык.
Биз бактылуу элбиз деп айтсак болот. Бирок эгемендүүлүктүн 22 жыл ичинде саясый элита да, карапайым калк дагы «канткенде биз бактылуу болобуз» деген маселе менен башын оорутуп келет. Эмне үчүн биз жалпы элибиздин жомоктогудай жашоосуна жетебиз деп жатып эле акырында баары теңирден тескери болуп, кайра артка кетебиз? Демек, биз буга чейин колдонуп келген ыкмалардын баары таасирдүү эмес го сыягы?
Ал эми арсеналда бизде төмөнкүлөр бар – өзүбүздүн балдарды багыш үчүн биз аларды таштайбыз дагы алыскы өлкөлөргө иштеп келгени кетебиз. Өнүгүп-өскөн мамлекет болуш үчүн ар дайым бардыгын талкалап, революция жасайбыз. Коомчулукту болсо массалык маалымат каражаттары аркылуу терс маалыматтар менен сугарып турабыз. Мындай өзүбүздү өзүбүз жек көргөндөй мамиле менен өзүбүздү сыйлоодон, мамлекетибизди, эгемендүүлүгүбүздү жоготууга сырткы душмандын деле кереги жок. Ар бир психолог сизге: «өзүңдү өзүң басынтуу, өзүңдү өзүң жей берүүдөн эч качан жакшы натыйжа чыкпайт» деп айтат.
Ар кайсы мамлекеттерде болуп, башка элдердин менталитетин түшүнүү менен биз качан өзүбүздү өзүбүз сыйламайынча, башка эч ким сыйлабайт деген эң жөнөкөй чындыкка тез келесиң. Ошондой эле кыргызстандыктардан бөлөк башка эч ким биздин өлкөнү, биздин жашоону өзгөртө албайт. А эгерде бардыгыбыз баарын жаңы барактан баштасакчы? Советтик доордогу «Мекенди сүйүүгө мажбурлоо» деген түшүнүк эсиңиздерде барбы?
Алгачкы көз карашта бул өзүм билемдик менен кыйын боло бергендей угулат жана тоталитаризмдей туюлат. Бирок, чындыгын айтканда, ошол доордо биз эң мыкты, өтө акыйкаттуу жана адамгерчиликти бийик туткан өлкөдө жашагандыгыбыз үчүн аны өтө өзгөчө сезимдер менен эске салабыз. Ар бир адамда өзүн-өзү сыйлоо сезими жана өзүнүн Мекенине карата сыймыктануусу бар эле. Бул сезим өтө терең маданиятташтырылган. Айрым учурларда жасалма жол менен. Адамдарга жаман нерселер жөнүндө ойлонгонго мүмкүнчүлүк беришкен эмес.

Туура, союз тарагандан кийин Кыргызстанда көп нерселер өзгөрдү. Бирок, бардык өзгөрүүлөр жаман жагына эмес. Биздин жашообузда өзүбүздү бактылуу сезиш үчүн ыңгайлуу учурлар жетишээрлик. Кандай айлантып айтсаң дагы, жыл өткөн сайын жашообуз оңолуп келет. Бул объективдүү себептер глобализация жана техникалык прогресс сыяктуу. Ошол эле учурда субъективдүү да жактары бар. Эмгекти сүйгөн, активдүү жана ишмер адамдар үчүн Кыргызстанда өзүн-өзү реализация кылууга өтө көп жолдор бар.

Мисалга соода жагын алалы. Бизде соода жаатында өтө ыңгайлуу мыйзамдар бар. Мамлекетибиздин жарымы эле ушул тармактаийгиликтүү иштеп жатканы дагы кокусунан эмес. Адамдар «Дордойдун» аркасы менен жакшы капиталды топтоп, элиталык кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып, балдарына жетишээрлик деңгээлде билим берип жатышат.

Же болбосо туризмди алалы. Мен Кыргызстандан эл аралык рынокторго чыгып жаткан ондогон ийгиликтүү компанияларды билем. Биздин көптөгөн отелдер кызмат кылуу сапаты боюнча эң жогорку дүйнөлүк стандарттарга туура келет. Ал эми ресторан бизнесичи? Мындай улуттук ашканаларды дагы да издеш керек: уйгур, дунган, корей, кытай, түрк, орус, италия жана албетте кыргыз ашканасы!

Ал эми сулуулук салондоручу? Бизде таланттуу жана жогорку кызмат акыга иштеген чачтарачтардын катары көп. Алардын кызматы жыл өткөн сайын уламдан-улам керектүү болуп барат. Каалаган сферада чыгармачылыкты жана эмгекчилдикти көрсөтө алсаң, өзүңдүн жолуңду таап, байып жана ийгиликтүү болсоң болот.
Бирок бизде позитивдүү көрүнүштөр тууралуу жазышабы? Биз өзүбүздүн эмгекти сүйгөн мекендештерибиздин ийгиликтери менен сыймыктанабызбы? Бизде азыр күндөн-күнгө жаңылыктардын түрмөгү кандай болуп атат? Кезектеги мамлекеттик төңкөрүш коркунучу, жаш балдарды зордуктоо, коркунучтуу оорулар жана башкалар. Мындан улам Кыргызстанды жалаң эле педофилдер жердеп, саясатта болсо өзгөрүлбөй турган эптеп-септемейлер жана маньяктар жүргөндөй сезим келет. Туура, мындайлар бар, бирок алар жалпы коомчулук эмес да. Беш пайызга жетиши мүмкүн. Ал эми калган калк эртеден кечке алардын кылмыштарын, жосунсуз идеяларын талкуулоо менен алек болууда.
Сөз жок, мына ушундай маалыматтарды биз, журналисттер жазууга милдеттүүбүз. Бирок, анын да бирогу бар. Журналистиканын «каралоо» убактысы дагы өтөт. Адамдар ар түрдүү терс маалыматтарга «тоюп» бүттү. Ошондой эле биз мурдатан иштеп келгендей чындыктын кардын жарып салуу, ал эми окурман өзү андан жыйынтык чыгарып алсын деген формат дагы актуалдуулугун жоготту. Биз коомчулуктагы бардык маселелерди алып чыгууга милдеттүүбүз. Бирок ал тууралуу биздин жарандардын психо-эмоционалдык абалын эске алуу менен жазганыбыз туура болот. Бир ууч саясатчылардын айынан бардыгыбыз аз эмес көңүл калууларды, жоготууларды, кыйынчылыктарды тартканыбыз эч кимге жашыруун эмес. Бизде жетишээрлик деңгээлде чыр-чатаккакарата сезимталдуу коом. Алар үчүн жалгыз гана терс маалымат ызы-чууга түшүүгө, калктын бир бөлүгүн депрессияга кабылтууга жетет.

Андыктан дал ушул учурда биз, журналисттер мурда болуп көрбөгөндөй жоопкерчиликтүү журналистиканын принциптерин сакташыбыз керек: бардык маалыматтарды кайра баштан текшерип чыгуу, колдон келишинче ар тараптуу көз караштарды берүү, ар түрдүү көйгөйлөрдөн чыгып кетүүнүн жолдорун айта ала турган эксперттерге кайрылуу. Албетте, мындай учурда маалыматты даярдоого убакыт көп кетет. Бирок жыйынтыгында сапаттуу материал пайда болот.

Бирок, эң башкысы – бул макаланын тону. Шылдыңдоо, мазактоо жана кытмырлык өңдүү нерселер автордун ошол маселенин чечилишине бүткүл дүйнөсү менен ооруп жатат дегенди түшүндүрбөйт. Мүмкүн тескерисинче болот. Ал эми чет элдик ММКларда өзүн-өзү тынымсыз кыйнаган абалга алып келүү – бул ошол улуттун жана бүтүндөй мамлекеттин дайыма өзүн-өзү баалоосун төмөндөтө берет. Ошол эле учурда коңшулар үчүн биздин эсептен өздөрүн бекемдеп алууларына эң сонун шарт болуп берет. Албетте, биздин терс фонубузда алардын мамлекетининүлгүсү ийгиликтүү, эли бакубат жашоодо жашап жаткандай көрүнөт.
Бирок, бардык мамлекеттердин өздөрүнүн ички көйгөйлөрү боло тургандыгын, айрымдары биздикинен дагы олуттуураак экендигин унутпаңыздар. Бирок, алар андай көйгөйлөрдү ашыкча күбөлөрү жок эле чечип коюшат. Биз болсо начар драматикалык актерлордой бардык маселелерди кайрадан-кайра публикага алып чыга берүүгө аракет кылабыз. Мунун мааниси барбы? Бизде бардыгы начар экендигин ашыгы менен далилдөөбү? Бизге эч ким келбесин, эч ким биз менен сүйлөшпөсүн деген аракетпи?
Мүмкүн, Кыргызстанда ар дайым стабилдүүлүк болбой турушун каалаган сырткы күчтөр бардыр, бирок өзүбүздүн башкы душманыбыз – биз өзүбүз. Андыктан муну түшүнүүгө жана өзүбүздү өзгөртүүгө убакыт жетти.
Сөз эркиндиги – бул эгемендүү Кыргызстандын эң жакшы жетишкендиги. Биз көптөгөн жылдардан бери мына ушул эркиндиктин шартында жашап келебиз. Жадакалса анын баалуулугун дагы сезбей калдык. Аны менен бирге анын жоопкерчилигин дагы сезүүдөн калдык. Андыктан журналистикага жаңыча кадамдарды таштоого убакыт келип жетти. Маселен, биздин ишибиз бөлүп-жаруу, талкалоого эмес, тескерисинче курууга, кыргызстандыктардын духун көтөрүүгө жана биздин мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө багытталышы керек.

Лейла САРАЛАЕВА.

Айбат гезити №45




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru