Айбат » Кыргызстан «Кумтөрдөн» эми пайда табат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан «Кумтөрдөн» эми пайда табат

Кумтөр2013-жылдын февраль айынан бери Кыргыз өкмөтү менен канадалыктардын тынымсыз сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн жемиштүү боло баштады. Буга 10-сентябрь күнү Кыргыз өкмөтү менен «Центерра Голд.Инк» компаниясынын биргелешкен ишкана түзүү тууралуу Меморандумга кол коюшкандыгын мисалга алсак болот. Меморандумга ылайык биргелешкен ишкананын үлүштөрү эки тарапка 50-50 пайыздан болуп бөлүнөт. Ошону менен катар эле биргелешкен ишкананы башкаруу мүмкүнчүлүгү алгачкы жылдары Кыргызстандын энчисинде болмокчу. Тактап айтканда биргелешкен ишкананы директорлор Кеңеши башкарат. Анын курамындагы өкүлдөрү дагы эки тараптан 50-50 пайыз менен куралат. Ал эми директорлор Кеңешинин төрагалыгына Кыргызстандын өкүлү шайланат. Анын орун басары болуп «Центерранын» өкүлү дайындалмакчы. Биргелешкен ишкананын бардык ишмердүүлүгүн директорлор Кеңеши тескеп тура тургандыгын эске алганда, аталган ишкананын жетекчилик кызматтарын дагы кыргыз тарап чече тургандыгы белгилүү. Мындай артыкчылыктар менен биз эми мындан ары «Кумтөр» ишканасынын бардык ишмердүүлүгүн өзүбүз көзөмөлгө алып турабыз. Ага байланыштуу ишканадан Кыргызстандын үлүшүнө караган киреше түз эле казынабызга келип түшөөрү белгилүү. Бирок, мындай жыйынтыкка дагы кыргыз тарап оңой-олтоң эле жетише калбагандыгын Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов төмөндөгүчө билдирген: «Сүйлөшүү өтө оор, курч маанайда өттү. Биз денонсация менен коркутсак, алар эл аралык сотко берерин айтып жатышты. Анан биз эл аралык юрист, экономист, финансы компанияларды чакырып, алар баарын эсептеп чыкты. Эки тараптын активдери канча турат, тобокелдик барбы мунун баары эске алынды. Алар биздин мурдагы 32% акцияны эсептеп келип, 40% кылабыз деген. Андан кийин 44кө, тура качып жатышып 46% көтөрүштү. Акыры талашып-тартышып жатып 50% токтолдук. Башта айткандай, баары эл аралык эксперттердин изилдөөсү менен болду. Алар алтындын баасы бүгүнкүдөй болсо, ушул көлөмдө казылса, анда бизге кошумча 84% пайда түшөрүн айтышты». Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн бардык мыйзам ченемдүү аракеттерди жасап жатса, сыртта туруп алып Келишимди денонсациялайбыз, ишкананы улутташтырабыз дегендей чагымчыл лозунгдары менен элди козутуп жүргөн саясатчылар да болбой койгон жок. Эгерде алардын акылы менен барганда Аттан жок, же ат байлаган жиптен жок болуп каларыбыз айдан ачык болчу. Себеби, Центерра өкүлдөрү 2009-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялап берген келишимди бир тараптуу бузуп, жокко чыгара турган болсок, сөз жок эл аралык арбитраждык сотко кайрылышмак. Ал эми ал жактан Кыргызстандын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе экендиктерин эл аралык эксперттер да, жергиликтүү эксперттер да айтып келишкен. Жаңы келишимге ылайык Кыргызстандын кызыкчылыктары, коюп келген талаптары канааттандырылганын «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Дилгер Жапаров билдирди. Кызматташуунун биргелешкен ишкана түзүү формасына өткөндөн кийин Кыргызстанга келип түшүүчү акча каражатынын көлөмү 1 миллиард 248 миллион долларга көбөйөт. Буга чейин «Кумтөр» долбоорунан келип түшүүчү бардык акча каражаты 1 миллиард 493 миллион доллар деңгээлинде болсо, 50-50 пайыз менен түзүлө турган биргелешкен ишкана формасында Кыргызстанга келип түшүүчү акча каражатынын суммасы 2 миллиард 741 миллион долларды түзөт. Ошондой эле 1 млрд. 237 млн. доллар салыктан түшсө, 95 млн. доллар Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна, ал эми 1 млрд. 410 млн. доллар акча түрүндө «Кумтөрдөн» түшөт. Демек, кирешенин көлөмү 84 пайызга көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Бул айтып жаткандар 2014-жылдан 2026-жылга чейинки убакытта болот» дейт ал. Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта эле чуусу бүтпөй келген «Кумтөр» маселесине бүгүнкү өкмөт мыйзамдуу жол менен чекит коет өңдөнүп калды. Буга жогоруда көрсөтүлүп кеткен Кыргызстандын кызыкчылыгына багытталган натыйжалуу чечимдер мисал боло алат. Ырас, бул жерден дагы «Кумтөр» деп куру кыйкырып, өздөрүнө саясый упай топтогусу келген саясатчы сөрөйлөр кылдан кыйкым издеши мүмкүн. Бирок, мамлекетибиздин, анда жашаган элибиздин кызыкчылыгына туура келе турган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы мындай куру кыйкырыктарды өзүнүн салмактуулугу, акыйкаттуулугу жана максаттуулугу менен басып өтөт деген ишенимдебиз. Кыргыз эли ар дайым акылга таянгып иш кылган. Кимдин ким экендигин анын жасаган ишинен билген. Андыктан бул жолу дагы ким куру кыйкырып, ким унчукпастан эле мыйзамдуу иш-аракеттерди жасагын ачык эле көрүнүп турат. Элибиз да мамлекетибиздин кызыкчылыгына байланышкан чечимди колдойт деген ойдобуз.

Айбат гезити №45



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru