Айбат » Дилгер Жапаров: «Биргелешкен ишкана түзүү менен Кыргызстан «Кумтөрдөн» 2009-жылкы келишимге салыштырмалуу 1 млрд 248 млн доллар көбүрөөк алат»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Дилгер Жапаров: «Биргелешкен ишкана түзүү менен Кыргызстан «Кумтөрдөн» 2009-жылкы келишимге салыштырмалуу 1 млрд 248 млн доллар көбүрөөк алат»

Дилгер Жапаров«Кыргызалтын» ААКсынын төрагасы Дилгер Жапаров менен анын орунбасары Кылычбек Шакиров «Кумтөр» маселеси боюнча өкмөттүн канадалыктар менен сүйлөшүүсүнүн учурдагы жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөзүштү. Алардын берген маалыматына ылайык, кыргыз өкмөтү канадалыктар менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келе турган жыйынтыктарга жетише алышты. Тактап айтканда Кыргыз өкмөтү, «Кыргызалтын» ААКсы жана «Центерра Голд. Инк» компаниясы сүйлөшүүлөрдүн негизинде 50-50 пайыз менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча Меморандумга кол коюшкан. Мына ушул меморандумдун артыкчылыктары боюнча маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна Дилгер Жапаровдун узаткан жоопторуна көңүлүңүздөрдү бурабыз. 

- Дилгер мырза, КР өкмөтү 10-сентябрда «Центерра Голд.Инк» компаниясы менен «Кумтөр» маселеси боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумга кол койду. Бул Меморандумдун Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей турган артыкчылыктары кандай?

– Биринчиден, «Кумтөр» ишканасынан пайданы түз көрүү. Анан дагы биргелешкен ишкана түзүү менен биз «Кумтөр» компаниясынын ишин көзөмөлдөөнү күчөтө алабыз. Анткени биргелешкен ишкана Кыргызстандын аймагында катталат, Кыргызстандын мыйзамдары менен иш жүргүзөт. Биргелешкен ишкананы директорлор Кеңеши башкарат. Анын курамын дагы эки тараптын өкүлдөрүнөн 50-50 пайыз менен куралат. Ал эми анын төрагалыгына кыргыз тараптан өкүл шайланат. Негизги чечимдер директорлор Кеңешинин чечими менен бекитилет. Анын ичинде кадрларды коюу маселеси дагы бар. Демек, кыргыз тарап биргелешкен ишкананын жетекчилерин да дайындоого мүмкүнчүлүгү бар. Биргелешкен ишкананын биринчи-вице-президенти да Кыргыз Республикасынан болот. Булардан сырткары биргелешкен ишкананы түзүү менен экологиялык маселелерге да жогорку деңгээлде көңүл бурулат.

- Биргелешкен ишкананын түзүлүшү менен Кыргызстанга келип түшүүчү акча каражатынын көлөмү кандай болуп калат?

– Кызматташуунун биргелешкен ишкана түзүү формасына өткөндөн кийин Кыргызстанга келип түшүүчү акча каражатынын көлөмү 1 миллиард 248 миллион долларга көбөйөт. Буга чейин «Кумтөр» долбоорунан келип түшүүчү бардык акча каражаты 1 миллиард 493 миллион доллар деңгээлинде болсо, 50-50 пайыз менен түзүлө турган биргелешкен ишкана формасында Кыргызстанга келип түшүүчү акча каражатынын суммасы 2 миллиард 741 миллион долларды түзөт. Демек, кирешенин көлөмү 84 пайызга көбөйөт дегенди түшүндүрөт. Бул айтып жаткандар 2014-жылдан 2026-жылга чейинки убакытта болот.

Айбат гезити №45




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru