Айбат » Президент А.Атамбаев «Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Президент А.Атамбаев «Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду

atambae1
 Бүгүн, 31-майда президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жырлыктын негизинде, КР Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгү, 2-пункту жана «Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 3-4-беренелерине ылайык, жарандардын коопсуздук кызыкчылыгында жана абалды тезинен турукташтыруу, Жети-Өгүз районундагы коомдук тартипти жөнгө салуу максатында токтом кылынды:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагына 2013-жылдын 31-майынан саат 15:00дөн тартып 2013-жылдын 10-июнуна чейин, 21:00дөн 06:00гө чейин кандидаттык саатты белгилөө менен өзгөчө кырдаал киригизилсин;

2. Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев өзгөчө кырдаал киргизилген мезгилде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты болуп дайындалсын жана ага конституциялык мыйзамга ылайык аталган аймактагы жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине өзгөчө чаралардын жана убактылуу чектөөлөрдүн тизмектерин жана чектерин белгилөө укугу берилсин;

3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Жусубалиев мыйзамдарга ылайык, зордук-зомбулуктарды жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү массалык баш аламандыктардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана жоюу боюнча толук чараларды кабыл алсын;

4. Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Жусубалиевдин жетекичилиги астында, көрсөтүлгөн аймакта коомдук тартипти жөнгө салуу үчүн бирдиктүү ыкчам штабын түзсүн;

– Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун коменданты Б.Жусубалиевге, зордук-зомбулуктарды жана адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү массалык баш аламандыктардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана жоюу боюнча толук чараларды ишке ашыруусуна бардык бар күчтөрү жана каражаттары менен кызматташтык көрсөтсүн.

Жарлык кол коюлган мезгилден баштап күчүнө кирет.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru