Айбат » Дырылдаевдин “дырылдагы” же оппозициянын Атамбаевди каралоо максатында заказ менен жазылган корутундусу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Дырылдаевдин “дырылдагы” же оппозициянын Атамбаевди каралоо максатында заказ менен жазылган корутундусу

Дырылдаев“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, тарыхый мекенине учуп кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу коомчулукка жарыяланганы маалым. Анда коюлган талаптарды аткаруу боюнча өкмөткө тапшырма берилген, бул боюнча өкмөт ШКУ саммитинен кийин отчет бермей болду. Ал эми оппозициялык маанайдагы “Эл үнү” кыймылы А.Батукаев тууралуу улуттук комиссия түзгөнүн жана анын башчылыгына Рамазан Дырылдаев аттуу укук коргоочу дайындалганын эгерим укпаптырбыз. Качан гана улуттук комиссия азыркы бийликти каралаган отчетун жарыялагандан кийин билип жатпайбызбы. Корутундуда конкреттүү далилдер эмес, оппозициялык маанайдагы басылмаларда жарык көргөн макалалардан үзүндү, оппозициялык маанайдагы саясатчылардын цитаталары келтирилиптир. Мындан улам, Дырылдаев жетектеген комиссиянын түпкү максаты – акыйкаттыкка жетүү эмес, президент Алмазбек Атамбаевге жөнсүз асылып, шыбап, каралап, коомчулукка жаман көрсөтүү экендигин баамдайсың.

Отчеттун алгач Камчыбек Ташиевдин “Саясат.кг» аталыштагы сайтында жарыяланып, андан кийин “Майдан” гезитинде көчүрүлүп басылганынан эле анын “заказчиги” ким экенин боолголойсун. “Секирчээктигинин” айынан соттолуп, мандатынан ажырап, саясаттан 10 жылдык “отпуске” алган Камчыке ичкүптүүсүн кантип чыгарышты билбей “Эл үнү” жана Рамазан Дырылдаевдин этегине эрмешип, бийликке чабуул жасагандагысы экен. Ошого жараша Дырылдаев фактыларды четинен тизмектеп, бийликтин абийирин айрандай төксө унчукпайт элек. Бирок, кашайып, жарыктык киши А.Батукаев тууралуу жазып келатып ортодо КСДПга тийишип, апрель окуясындагы талап-тоноочулук, канадалык ишкерлерден 3 млн. доллар доолаган Э.Жунушбаев жана Б.Курмановду кыпчып кетиптир. Кыскасы, эптеп эле бийликти жана Атамбаевди жаман көрсөтүүгө ашыккан. Биз буларга токтолбойлу, Дырылдаевдин А.Батукаев тууралуу “апыртмаларына” түзөтүү киргизип коюуну туура таптык. Анткени, коомчулук Дырылдаевдин “катын ушагын” эмес, акыйкаттыкты билиши абзел.

1. Акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаев өлгүдөй ооруп жатканын, аны кое бербесек уят болуп каларыбызды айтып чыкканы белгилүү. Ошол кишинин билдирүүсү жана мамлекеттик жаза аткаруу кызматына жазган катынын негизинде медициналык корутунду чыгып, сот чечим чыгарды. А.Батукаевдин айыккыс дартка чалдыкканын айтканын Турсунбек Акун мойнуна алып, анысы үчүн коомчулуктан кечирим сураганы бар. Жыйынтыгында бул окуянын күнөөкөрлөрүнүн бири катары кызматтан шыпырылды. Ага удаа вице-премьер Шамил Атаханов кызматтан кетти. Демек, Дырылдаевдин А.Батукаевди бошотууга катышкан чиновниктер жазага тартылган жок деген корутундусу негизсиз.

2. Коомдук комиссиянын корутундусунда: “Батукаевдик бандиттер Россияда жашап аткан кыргыз мигранттарына басым жасап аткандыгы айтылууда. Ансыз да кыйынчылыкта күн кечирген эмгек мигранттарынын абалы ансайын оордошту” деп бадырайта жазылып турат. Биз Дырылдаевчесинен “айтылууда” же имиш деп боолголобой, конкреттүү аргументтерди алдыга жаябыз.

Ички иштер министрлигинин  (ИИМ) басма-сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов агенттиктердин бирине курган маегинде бул кезектеги “легенда” экендигин шардана кылган. “Ошондой сөздөрдү биз дагы угуп жатабыз. Бирок, бир дагы атуулубуз арыз менен кайрыла элек. Эгер арыз болсо сөзсүз түрдө чара көрөбүз. Керек болсо ал жакка атайын топ да жөнөтөбүз. Биздин тийиштүү кызматтар такай Орусияга барып иштеп келип жатат. Керектүү адамдарды, мисалы уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүн кармап жатабыз. Эгерде ушундай фактылар боло турган болсо биздин атуулдарыбызга кысымчылык көрсөтүп, акча талап кылып жаткан болсо арыз менен кайрылса сөзсүз чара көрөбүз” деген Абдраимовдун билдирүүсүнө ишенебизби же Дырылдаевдин “айтылууда” дегенинеби?

Дагы бир тирүү мисал. ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “Азаттык” радиосуна курган маегинде А.Батукаевдин эмес, Алманбет Анапияевдин “желдеттери” кыргыз ишкерлерин кысымга алып жатканын жар салган. Сөз мааниси бузулбасы үчүн анын айткандарын сөзмө сөз келтиребиз. Мамбеталиев мындай дейт: “Кыргызстандын мигранттары, жарандары интернет аркылуу официалдуу түрдө бизге маалымат жөнөтүп жатышат. «Азиз Батукаев түрмөдөн чыгып, Кыргызстандан кеткенден бери Батукаевдин атынан ошол эле кыргыз жарандары келип: «Батукаев салам айтты, бүгүнтөн тартып жылына бир миллиондон бизге акчалай түрдө төлөйсүңөр» деп айтып жатышат деген сөздөр жүрүүдө. Бирок, мен айтып коеюн, биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде Москвадан жети Кыргызстандын жараны кармалды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айылынан. Булардын бардыгы убагында Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн балдар, ошол уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Булардын Батукаевге тиешеси жок, аны таанышпайт дагы. Бирок, анын атына жамыныпбы, атын сатыпбы, Кыргызстандын жарандарына зордук-зомбулук көрсөтүп, кыйноого алып, акча талап кылып жүрүшөт”.

Дырылдаевдин “имишбайларга” шыкалган отчетунда Россиядагы бизнесмен мекендештерибиз А.Батукаевден запкы жеп, ага “салык” төлөп жатканы айтылат. Ал эми реалдуу жашоодо бул дагы аргумент менен бекемделбеген кургак кеп экенин “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү, “Руспартнер” ишканасынын жетекчиси Руслан Эшимовдун билдирүүсү далилдейт. Анын айтымында, А.Батукаев кыргыз ишкерлерине “салык” салып, кууратып жатат дегени чындыкка коошпойт экен. “Бул жерде өзүбүздүн эле кыргыздардын арасында жаман, бейбаш топтор чогулуп алып бири-бирин өлтүрүп атканын, уруп атканын угуп, билип эле жатабыз. Бул жерде Азиз Батукаевдин аты деле, жыты деле жок. Кимге салык салса, ошл мага салык салды деп айтса жакшы болот эле. Анан андайы жок эле, салып атыптыр, кылып атыптыр деген ушак сөздөргө ишенгим да келбейт. Анткени салык салса мага деле, менин ишкер дос-тааныштарыма деле салат эле да. Анда угулат эле. Кимге түн ичинде жашынып барып эле салык салып жатканын билбейм” деген Руслан Эшимовдун кеби, жогорудагы ИИМдин өкүлдөрүнүн аргументтери Дырылдаевдин “айтылууда” деген “жөө жомогун” жокко чыгарат.

3. Дырылдаев А.Батукаевди бошотууда башкы фигурант катары Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөнү акыл-эси жайында адамды ынандырбайт. Болгону Дырылдаевдин оппозициянын арыгын катыра чаап жатканы оркоюп көрүнүп турат. Белгилүү саясат таануучу Марс Сариев мындай пикирди колдоп, Дырылдаев конкретүү фактыларга таянбай, жалаң ушакка негиздеп жазганын баса белгилейт. Ошондой эле анын максаты кырдаалды олку-солку кармоо экендигин жашырган эмес. «Рамазан Дырылдаев көптөгөн жылдардан бери саясатта аты угулбай, дайынсыз болуп кеткен. Ошондон улам ал өзүнүн атын кайрадан саясатта пайда кылыш үчүн ушундай орусча айтканда «громкий заявлениелери» менен чыгып атат. Ушундай оор айыпты коердон мурда конкреттүү фактыларды келтириши керек. Фактылары болсо көргөзсүн. Анан жөнү жок эле, туруп-туруп оюна келгенди сүйлөп койгону туура эмес. Менин оюмча, азыр бул адамга өлкөбүздө дестабилдүүлүктүн болушу керек болуп турат. Мына ошого гана карата жасалган аракет деп баалоого болот» деген Марс Сариевдин пикири менен макалабызды убактылуу жыйынтыктай туралы. Дырылдаев дагы «дырылдаса», ага карата айтылчу кеп арбын…

Айбат гезити №45




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru