Айбат » Чыңгыз Султановдун апасы Тамара Артыкбаеванын абалы оорлоп, ооруканага жеткирилди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Чыңгыз Султановдун апасы Тамара Артыкбаеванын абалы оорлоп, ооруканага жеткирилди

давление“Апрель” окуясында ок жеп, 1 жыл 9 айдан кийин каза болгон Чыңгыз Султановдун апасы Тамара Артыкбаеванын абалы оорлоп Токмок шаардык ооруканасынын кордиология бөлүмүнө жеткирилди. Бул туурасында Токмокто ачкачылыкта отурган жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов өзүнүн маалымат кызматына билдирди.

Анын айтуусунда, ачкачылыкта отурган бизге сары-санаа болуп ушундай кырдаалга туш болду окшойт. Анткени, биздин ачкачылыкта отурганыбызга 4 күндүн жүзү болду. “Эч кандай талаптарыбыз аткарыла элек. Ушуну көргөн Ч. Султановдун апасы Тамара Артыкбаеванын кан басымы 210го чейин көтөрүлдү болсо керек” дейт Ж. Молдокматов.

Ал эми Токмок шаардык ооруканасынын директору Айгүл Сыдыкованын берген маалыматына караганда, Чыңгыз Султановду апасы Тамара Артыкбаеванын кан басымынын 210 го чыгып кеткендиги стресстен, кайгырып-капаланган болду. “Бул апаны ден-соолугу ар дайым биздин көзөмөлүбүздө. Азыркы маалда Токмок шаардык оорукананын кардиология бөлүмүндө жатат. Учурда  абалы бир аз жакшырып калды. Эртеңкиге чейин абалын көзөмөлдөп турабыз, эгерде абалы жакшырып калса, үйүнө чыгарып, дарыланууга жеткиребиз. Абалы жакшырбаса, 5 күнгө чейин дарылоого мажбур болобуз” деди оорукана директору.

АртыкбаеваМуну менен катар Тамара Артыкбаеванын айтканы боюнча,  гипортаниялык оору жана экинчи баскычтагы кант диабети менен жабыр тартып келет.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда маалымат жыйында жаш  активист Жеңиш Молдокматов, өкмөт “Апрель революциясынын баатырларынын” бири  Чынгыз Султановдун үй бүлөсүнө 1 миллион сом жана батир бөлүп бербесе, биз 16-сентябрь күнү ШКУ саммити бүткөндөн кийин  ачкачылык жарыялайбыз деп билдирген. Анын айтуусу боюнча өкмөт “апрель революциясынын баатырларына” материалдык жардам жана батир беребиз деген убадасын аткарган жок. Чынгыз Султановго 2010-жылы ок тийип, жарадар болгон. Ал 1 жыл 9 ай дегенде каза болгон. Анын оорусу күч алып, дарыгерлер 6 кабыргасын кесип салышкан. Бирок, каза болгондон кийин Убактылуу  өкмөттүн “бир жолу бериле турган материалдык жардам” жөнүндө Токтомун Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт аткарбай келет. Акыркы 2 жылдан бери Ч. Султановдун жалгыз энеси  Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып,  Өкмөттөн суранып келген. Тилекке каршы бул сураныч бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Ал эми октон жабыркап шейит болгон Кыргыздын баатыры Чынгыз Султанов кургак учук оорусунан каза болгон деген бүтүм чыгарып коюшту. Чынгыз Султановдун  апасы Артыкбаева Тамара жана жалгыз кызы Токмок шаарындагы жеке ишкердин сарайында жашап келет.

 

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовдун Басма сөз кызматы

Айбат



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru