Айбат » Кудукта 15 күн жаткан кытай жараны тирүү болуп чыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кудукта 15 күн жаткан кытай жараны тирүү болуп чыкты

1

Кытайда 15 күн бою кудукта жаткан аялды куткаруучулар куткарып алышты. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттиги билдирди. Аталган окуя Хэнань провинциясында болгон.

Өрт өчүргүчтөр эски кудукка түшүп кеткен Су Цисюну 16-сентябрда табышкан. Учурда аял ооруканада дарыланууда. Ал абдан алсырап калгандыктан өз алдынча тамак иче албайт жана сүйлөй да албайт. Ага карабастан дарыгерлер анын абалын туруктуу деп баалашууда.

Аял түшүп кеткен кудуктун тереңдиги 4 метр. Кудук жүгөрү талаасында жайгашкандыктан, аялды дароо байкоого мүмкүн болгон эмес. Кудуктун кыры тайгалак болгондуктан аял өз алдынча чыга алган эмес.

Аял кудукка терип жүргөн жүгөрүлөрү менен түшүп кеткен. Ал кудукка түшүп кеткенден кийин эки күн бою жаан жааган. Аял жаандын суусун ичип суусунун кандырган.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru