Айбат » Акаевдин качышына шарт түзгөн, АКШны туу тутуп, бирок, боорго тепкен Жээнбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Акаевдин качышына шарт түзгөн, АКШны туу тутуп, бирок, боорго тепкен Жээнбеков

Жээнбеков РавшанПарламентте Равшан Жээнбеков аттуу эркин депутат бар. Бакиевдин убагында кылмыш ишин козгой салса Америкага куйругун түйгөн бойдон качып, ал актан эки жылча окуп, ошондон бери: «Батыштын демократиясы мыкты, АКШга түздөнүп жашабасак болбойт» деген сөздү оозунан түшүрбөй калды. Анын нукура демократия өнүксүн, Кыргызстан демократиянын аралчасына айлансын деген изги тилекте жүргөнү жакшы. Бирок, ошол эле маалда аша чаап, азыркы бийликти сындап, парламентаризм өнүкпөй калды деп «өпкөлөгөнү» Равшан Бабырбекович ириде Кыргызстаныбызда жаъыдан телчигип келе жаткан системанын тарых таржымалына, ал айтып жаткан парламенттик өлкөлөрдүн басып өткөн жолун унутта калтырыптыр. Муну анын алгач «Азия-Ньюс» гезитине баскан, андан соъ «Азаттык» радиосунун сайтына которуп баскан  «Президенттик бийликтин чыныгы жүзү» аталыштагы макаласынан байкоого болот.

«Президенттик институт ажырымды күчөтөт» дейт Равшан мырза. Эмне үчүн, кандай себептен экенине сарасеп салып жатып, ал кыялданган парламентаризмдин иш аракеттери бизде ашып жаткан жолун негедир унутта калтырып кетиптир. Маселен, 2010-жылдагы парламенттик шайлоо кандай өттү эле? Ал айткандай партия лидерлери түндүк-түштүктөн өнөк издешип, ынтымак-ырашкерликте саясат жүргүзүп, кол кармашып жетелешип калды беле? Жок, тескерисинче кокту колотко, уруу-урууга бөлүнүп,  трайбалист, регионалист лидерлерди көбөйтүп, жиктешкен саясатты ишке ашыргандай болгон. Ал эми Равшан Бабырбекович өзү да идеялык көзкарашы туура келбеген «Ата мекен» партиясы аркылуу эптеп парламентке келүүгө аргасыз эле. Анткени, партиялык курулуш биздин өлкөдө бир да партияда болгон эмес.

Равшан мырза ойлогон чыныгы парламентаризмге жарандардын саясый аң-сезими калыптанып, бышып-жетиле элек. Бири бирине тукурган саясатты партия лидерлери да жакшы эле колдонгон. Маселен, бул же тигил партиянын лидери «түндүктөн», «түштүктөн» экен дешип, электоратты кадимкидей бөлүп жарган көрүнүштөр болуп турбадыбы. Аны билип туруп компромисттик саясат болот эле дештин өзү кыял эле да.

Бүгүнкү күндө таза президенттик башкаруу бир гана АКШда өкүм сүрүп келет. Анда бул улуу держава«ажырымды күчөткөн», «улуттук трагедиянын булагы болгон», «авторитаризмге жана диктатурага жакын», «коррупциянын башаты», «өз кызыкчылыгын гана коргогон», «реформаларга каршы», «тышкы күчтөргө аябагандай көзкаранды»,  «жоопкерчилиги жок» өлкөбү? Албетте, жок. Муну АКШга «ашык» болгон Жээнбеков өзү деле жокко чыгарбас. Минтип  жатканыбыздын да жөнү бар. Анткени, Равшан мырза алды миң жылдык, арты жүз жылдык парламенттик башкаруудагы тажрыйбасы бар, тарыхый өзгөчөлүккө ээ, саясый менталитети жана каада салттары башкача мамлекеттерге суктанып «өнүгүүдө» деп салыштырып жатат. Мурдагы Советтик өлкөлөрдө, азыркы КМШ чөлкөмүндө биз сыяктуу парламенттик жана президенттик башкаруу бийлик формасындагы мамлекет барбы? Күндүзү чырак менен издесен да табылбайт. Себеби, коммунизим саясаты мээге сиъген муундун башкаруусунда калган өлкөлөрдө эч качан бийликтин жаңы саясый реформасы жүзөгө ашпайт эле. Ага салыштырмалуу биздин элдин табиятына жакын бийлик саясаты болуп жаткансыйт. Таза парламенттик өлкө болуу үчүн биз бир нече жыл, керек болсо кылым ар кандай сыноолордон, этаптарды басып өткөн соң келебиз деп ойлойм.

        Ушул жерден тактоо киргизели. Кыргызстан азыр президенттик-парламенттик башкаруу системасында күч кечирүүдө. Муну эркин депутат жадындай түшүнөт.Эмне үчүн Кыргызстанда парламенттик-президентик башкаруу экенине карабастан Равшан мырза байкаган президенттик институт күчтөнүп жатат. Себеби, ага биринчи кезекте парламент жол берди. Алар өздөрүнүн конституциялык укугун толук кандуу колдоно албай келет. Факциялардын ички идеялык биримдиги жок. Колициянын өкмөттү ар тараптан тескөөгө укугу бар. Ага карабастан, өкмөттүн ишинде көзгө көрүнөрлүк натыйжа байкалбайт. Буга ким күнөөлүү? Албетте, парламент. Мындай учурда сөз жок  президенттин салмак ташы оорлоп калат. Буга ириде эл өкүлдөрү күнөөлүү экенин коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков сайттардын бирине курган маегинде төмөнкүчө билдирген: «Парламентке караганда президент күчтүү болуп баратса Өмүрбек Текебаев менен Равшан Жээнбековкүнөөлүү да. Анткени, ушулар сыяктуу депутаттар бири-бири менен тытышып, талашып атса, бирин-бири каралап атса, койгон кадрлары эч нерсеге жарабай атса. Эгерде ошол эле парламент Камбарата, Кумтөр сыяктуу тарыхый маселелерди чече албай атса, президент чечип берип атат да. Жолдор курулуп атат, элдин турмушу бир топ эле оңдолуп калыптыр. Равшанды да сыйлайм, жакшы жигит, бирок ушул айтканы да сөзбү? Уят да. Кичине бир жакшы нерсени да көрө билиш керек да?! Атамбаев мага эч кимим болбойт, бирок калыстык сөзүмдү айтып коюшум керек. Парламент конституциялык укуктарын пайдаланып, жакшы иштей албай атат. Мындай сөздөрдү сүйлөгөндөн көрө жакшылап иштешсин».

Жээнбековдун макаласын андан ары окуйлу. «Азыркы Атамбаев качып кеткен мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин иш алып баруу ыкмасын тандады» деп акылдуусунат. Равшан мырза эркин депутаттыгына салып «элирип» кеткенби же атайылапбы, айтор, мына ушул жерден аша чаап кетиптир. Акаевдин убагында анын жубайы Майрам Акаева, уулу Айдар менен кызы Бермет Кыргызстанды «тейлеп» калганы жалпыга маалым. Ал эми Бакиевдин уулу Максим ЦАРИИни жетектеп, атасынын ордун ээлөгө ашыкса, инилери Жаныш күч түзүмдөрүн, Акмат Жалал-Абаддын көмүскөдөгү «губернаторлугун» аркалаганын билебиз. А бүгүнкү президенттин үй-бүлөсү же жакын туугандарынын мамлекеттик бийликке аралашканын тастыктай турган факты барбы? Равшан Бабырбекович анча болду бир-эки факты келтире кетсе куп жарашмак. Анан курулай доомат артып, бир жактуу жамандаган өзү айткан демократиялык принциптердин табиятына, андан дагы теренирээк айтсак, жигитчиликке тура келбейт го, ыя?

«Атамбаев «Камбар-Ата» сыяктуу ири ГЭСтерди, «Кыргызгазды» Россияга кармата салды. Биз тышкы күчтөрдүн жетегинде калдык» деген Жээнбековдун «аргументине» контраргумент келтирели. Биз Россия менен биргеликте ири ГЭСтердин курулушун баштаганыбыз айныгыс факт. Бирок, бул долбоорлор эки тараптуу келишим болуп саналат, алгач парламент элегинен өтүп ,ага президент кол коет. Мындай мамлекеттер аралык келишимди каратып туруп танып, ири ГЭСтерибизди, «Кыргызгазды» Россия басып алат деген реалдуулукка жакын эмес. Буга неге макаласында токтолгон эмес?

Равшан мырза макаласында ачуу чындыкты айтыптыр. «Президенттер бардык нерсеге ээ, бардык бийликти көзөмөлдөйт, бирок эч нерсеге жооп бербейт.Жыйынтыгында Акаев Москвада, Бакиев Белоруссияда, ал эми балдары Европада. Кыргызстандын эли жакырланып, жери четинен кертилип, чек арасы кайтаруусуз, мамлекети талкалануу абалында турат» деп жазыптыр. Ап-баракелде-е. Маселен, Акаевдин убагында Р.Жээнбеков мамлекеттик мүлк министрлигин аркалап турганда бир катар стратегиялык маанидеги обьектилердин, бала бакчалардын,  пансионаттардын текейден арзан баада менчиктештирилип кеткени бештен белгилүү. Демек, элибиздин, мамлекетибиздин байлыгы таланып-тонолушуна, Акаевдин Москваны көздөй дыргаяктай качышына Равшан Бабырбековичтин дагы салымы зор эмеспи. Муну дагы макаласында кошо кеткенде Жээнбеков адилеттүүлүгүн көрсөтмөк.

20 жылдан бери чечилбей келе жаткан «Кумтөр» маселесине азыркы өкмөт чекит койгону турат. Болбосо, Жээнбеков маммүлктү калчап турганда «Кумтөр» канадалыктарга итбекер тартууланып кетпеди беле? Эмнеге муну макаласында жазган эмес? Себеби түшүнүктүү: өзүн гана апакай көрсөтүп, калгандарын «каралаш» керек.

Равшан мырза тууралуу кызыктар али алдыда көп айтылат. Ага чейин макалабызды убактылуу жыйынтыктай туралы…

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru