Айбат » Оппозицияга «сокпозиция», же Ташиев катарларына кошпой койгон оппозицияны кантип «жайлап» атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оппозицияга «сокпозиция», же Ташиев катарларына кошпой койгон оппозицияны кантип «жайлап» атат?

Ташиев КамчыбекТашиевчил «Майдан.kg» гезитинин башына чыбык сындырып койгулачы. «Ба-а» этип жарык көргөн алгачкы санынан бери алгачкы жолу ачуу чындыкты жазып отурат.

Болбосо, биринчи бетинен Ташиевдин сүрөтү түшпөгөн гезитти элдер бир эле жолу чыгып, ошону кайра-кайра басып чыгарып атышабы деп ойлоп калышкан эле. Көрсө, чындыкты деле жаза алышат экен, эй!

Аталган гезит акыркы санында оппозицияны келтире соккон экен, окуп алып, чын эле ушул гезит жазып атабы деп араң ишенесиң. Бүгүн «Ак кеме» мейманканасында «Каршылык көрсөтүү кыймылы» деп аталган жаңы кыймылдын түптөөчүлөрү Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев жана Чынара Жакупова кыймылдын презентациясын өткөрүшкөн. Мына ошолордун бири Бегалы Наргозуев башка оппозициячыл саясатчылар менен биригүү ниеттери жок экендигин билдирип койгон экен. Бул ташиевчил гезиттин жанын кашайтып жибериптир.

«Ансыз деле оппозицияда саясатчылар аз, анын да жарымысы жоголуп баратат жана бийликтен коркот. Эгерде калгандары «Мен кыйынмын» деп айтышса, анда бир муштумга түйүлө алышпайт, анан бул оппозициядан кандай пайда?» дейт гезит.

Ырас эле кыйкырып бийликти сындагандан башка конкреттүү сунуштарды айта албаган оппозициядан кандай пайда бар дейсиң? Ушуну кечирээк болсо да түшүнгөн гезитке ыраазычылык билдирип коелу.

Экинчиден, «Ак кемеде» өткөн презентацияга конок катары Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Акматбек Келдибеков өңдүү оппозициячыл саясатчылар барышты. Кыязы, Ташиев мырзаны эч ким чакырбай койсо керек го.Андыктан, бул жагдайды да туура кабыл алыш керек.

Анан дагы ошол эле гезит Сабыр Мукамбетовдун оозу менен оппозицияны колдонулган презервативди жууп-тазалап алып кайра колдонуп жатат деп ой-да сонун келтирген экен. Кашкайган чындык! Калп деп айтыш кыйын. Адегенде УКМКга өзүнүн арызы менен барып, оппозициянын тирукмуш пландарын саймедиреп айтып берген Эрланбек Өмүралиевди эми Садыр Жапаров мырза «колдонуп» жатканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Телефондогу сүйлөшүүсүн угуп отуруп күлкүң гана келет. «Сени коркутуп айттырыштыбы, алардан абайла, сенин көзүңдү тазалап туруп, бизге шылтап коюушу мүмкүн» деп адатынча тилин шакылдатат анда Садыр Жапаров. Бул Садыр мырзанын алдын-ала Эрланбектин туугандарына кулак кагыш кылып аткандагысы экендигин ким түшүнбөйт? Кокус бир нерсе болуп кетсе, бизден көрбөгүлө деп атат да. Анан дагы кайра-кайра сурап атып, «УКМК мени коркутуп айттырган» деген сөздү угуп атат Садыр мырза. Ушундан улам эле Садыр Жапаров Сабыр Мукамбетов айтмакчы, колдонулган презервативди жууп-тазалап, анан өзүнүн кызыкчылыгына «колдонуп» жатканы көрүнүп турбайбы? Кашкайган чындык, албетте. Эми ушунуңардан жазбасаңар эле болду.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru