Айбат » Ачкачылыктагы Жеңиш Молдокматов менен Турсунбек Акундун кимисинин талаптары туура?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ачкачылыктагы Жеңиш Молдокматов менен Турсунбек Акундун кимисинин талаптары туура?

Жениш МолдокматовБул жума ачкачылык жарыялагандардын жумасы болду десек болчудай. Жаңыдан саясатта даңканы чыгып келе жаткан Жеңиш Молдокматов апрель окуясында тийген октун кесепетинен  1 жыл 9 айдан соң  каза тапкан  Чыңгыз Султановго Убактылуу өкмөттүн “бир жолку жеңилдикке бериле турган материалдык жардамы жөнүндөгү” токтомунун ишке ашпасына жана акыйкатсыздык үчүн ачкачылык кармап чыкты. Буга го макул дейли. Туура эле талап менен чыгып жатат. Ал эми Турсунбек Акун деген мурдагы Акыйкатчыбызга кыйын эле болду. Анткени, «парламент тарасын» деген талап менен 20-сентябрга чейин ачкачылык жарыялап  алган. Жаман болду дегеним, Акыйкатчыны шайлоо күнү кийинки аптага жылдырылды. Кийинки жумага чейин өзү айткандай “сөөгүмдү сүйрөп чыгышпаса болду” дегендей эле абалга келип калбаса болду. Талапты туура эмес коюп алганына эле бооруң ооруйт экен. Себеби, парламент Турсунбек Акундан миңи ачкачылык жарыяласа да, бул дүйнө менен кош айтышып кетсе да, кантип тарап кетмек эле. Ишке ашпаган талапты коюп алганына күлкүң келет. Андан көрө Акыйкатчылыкты бербесеңер десе кичине окшошмок. Бирок, Акыйкатчы болуп туруп көзгө көрүнөөрлүк эмне ишти кылды? Иш кылган жок. Андыктан унчукпай эле ордун бошотуп берип, башка саясий кадамдарга барып, кийинки шайлоого даярданса элге жаман көрүнүп алмак эмес. Эми ким жакшы көрөт?

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru