Айбат » Роль үчүн курмандыкка барган атактуулар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Роль үчүн курмандыкка барган атактуулар

Мария КожевниковаМария Кожевникова  -аялдар батальонунун  адъютанты

Биринчи дүйнөлүк согуш күнүн эскерүүгө карата – «Батальон Смерти»  аттуу  тасма тартылып баштайт. Тасмадагы башкы каармандардын образынын бирин жаратуучу Мария Кожевникова аялдар батальонунун  адъютанды  Вера Скрыдлованын  образы  үчүн өзүнүн узун чачын кыркып, башын  кырдыртканга макул болгон. Мария «Батальон смерти» тасмасы үчүн баардык курмандыкка барарын баса белгилеп айткан.

 

Деми Мур

Деми Мур – «Солдат Жейн»

Лейтенант Жордан  Онил, эркектер отрядындагы жалгыз аял. Деми  Мур чачын кырдыртып, бир канча ай  спецназдарды даярдоо  курсун өткөн. Анын машыгуулары мушташ ыкмаларынан баштап, тоо  велосипеди, булчуңдарды чыгаруу, сууда сүзүү жана башкалар болгон. Жыйынтыгында  «Золотоя Малина»  антипремиясын алганына карабастан бул тасманын премьерасы  дүйнөлүк  болуп, кино дүйнөсүнө чоң салымын кошо алган.

 

Шарлиз Терон

 

 

 

 

 

 

 

Шарлиз Терон – «Монстр»

АКШдан чыккан биринчи киши өлтүргүч Селби Уоллдун ролу үчүн  Шарлиз сырткы келбетин гана өзгөртпөстөн, 13 кг салмак кошуп, бир канча кийме тиштерди кийген. Бирок мындай ролго жакшы гонорар үчүн баардык эле актерлер макул болсо керек. Бирок Терон үчүн эң кыйыны кичинекейинен сулуулукка көнүп, дайыма элдин назарын алчу актрисага кебетеси келишкен, адам корко турган «монстрдын» ролун жаратуу кыйын болгон жана 2003-жылы эү мыкты аял ролу наамына ээ болгон.

 

-

 

 

 

 

 

 

Портман  –  Портман бойдон калат

«V – значит вендетта» тасмасына тартылуу учурунда Наталинин чачын кырып, ал гана эмес бир канча убакыт британиялык акцент менен сүйлөгөндү үйрөнгөн. Бул ролдо Иви Хэммонддун образы үчүн Портман «Сатурн» премиясына ээ болгон.

 

Камерон Диаз

 

 

 

 

 

 

 

Камерон Диаз – «Быть Жоном Малковичом»

Камерон Диаз   «Быть Жоном Малковичом» тасмасында роль жаратуу үчүн, өзүнүн ажарлуу келбетин  түрү суук кыздын образына алмаштырган. Бирок Диаз бул роль үчүн эч бир сыйлык  албагандыктан, экинчи мындай курмандыкка барбайм деп айтып чыккан.

 

'Bridget Jones Diary: The Edge of Reason' Movie Stills

 

 

 

 

Рене Зелльвегер – «Дневник Бриджет Жонс» 

Дневник Бриджет Жонс» тасмасына тартылуу үчүн бул актриса 15 килограммга арыктап, бул эмгеги үчүн көптөгөн сүймөкчүлүктөргө ээ болуп, «Оскарга» талапкер катары көрөрмандар тарабынан сунушталган жана британиялыктардын «Золотой Глобус» номинациясынын эки жолку ээси болгон.

 

Синтия Никсон

 

Синтия Никсон  – «Остроумие» спектакли

Синтия Никсон  «Секс в большом городе» сериалынан таанымал. Бирок бу жолу кино үчүн эмес, театр үчүн курмандыкка барган. Актриса адабият профессору Вивиан Биарингтин образын жараткан. Ал чачын кырдыртып гана эмес, бир канча килограммга арыктаган. Бул образды жараткандыгы үчүн Никсон «Топу» эң мыкты актердук оюну наамын үчүн алган.

 

 

 

 

 

 

 

 Нурдана Бегим

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru