Айбат » Тактык… же болбосо кечикпөө үчүн эмне кылуу керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тактык… же болбосо кечикпөө үчүн эмне кылуу керек?

  1. саатЭң биринчиден өзүңүзгө “мен эмне үчүн дайыма кечигем” деген суроону бериңиз. Мунун көп  жообу бар. Сиз убактыңызды туура бөлүштүрүп, мындайча айтканда күн тартибин түзүп алыңыз. Мисалы, 14:00до боло турган чогулушка 13:50де келгенге аракет кылыңыз, ал эми, кээ бир адамдар кечикпеш үчүн сааттын жебесин алдыга жылдырып алышат. Бул дагы кечикпөө аракетинин бир түрү.
  1. Эгерде, дайыма эртең менен кечиге турган босоңуз, анда эртең менен баары дайын болгондой даярдап койсоңуз болот. Ал эми  эртең менен турууда кыйналып жатсаңыз, өз убакыты менен уктаңыз, толук уйку кангыдай болуп, ошондо гана эртең менен эринбей, чала уйку болбой турасыз.
  1. Үчүнчүдөн, адамдын аң-сезиминен  таасир этет. Айрымдар “кечикпей барсам мага эч ким көңүл бурбай коет, кичине кечигип барайын” дегендер болот. Бул туура эмес кадам,  анткени, сиз убакытты баалабасаңыз, башкалар бааларын унутпашыңыз керек.
  1. Пунктуалдуу адамдар кечиккен адамдарды көрүп,  өзүнүн убактысын короткусу келбей, күткөндөн көрө кечигип барайын деп, кечиккенге өтүшөт. Мындай чечим туура эмес, андан көрө убактыңызды бош кетирбей китеп, газета ала баргаңыныз оң болот, анткени, убакыт бекер кетпей, кичине болсо да маалымат  алып, убактыңызды санабай каласыз.
  1. Дайыма эсиңизде болсун, убакытты башкара билүү керек. Так болсоүуз өзүңүзгө жана башкаларга да ишенимдүү болосуз.

 

Нурдана Бегим

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru