Айбат » “Ысык-Көл айымдар” тобу эми “Элдик фальклордук” тобу болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Ысык-Көл айымдар” тобу эми “Элдик фальклордук” тобу болду

Элдик фальклор

20-август күнү  Ноокат районунан “Кыргыз-Ата” элдик фольклордук тобу көл өрөөрүнө келип, элибиздин сый-урматына ээ болуп кайтышты. Ноокат айымдарынын бул сапары көп багыттуу, кыргыздын тарыхын, каада-салтын унуткарбай,  өнүктүрүп, өрчүтүп, маданиятты көтөрүү, ынтымакты бекемдөө эле…

Көлүбүздүн кызыктыраарлык эң кооз жерлерин көрүп, ал тургай “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде  Кыргызстандын булуң-бурчунан келип эс алгандар да Ноокат айымдарынын чакан концертине күбө болушту. Ноокат айымдарынын айтуусуна караганда, көлгө болгон бул сапар, алар үчүн өзгөчө болду” деп, маданият тармагын  бийик баалаган жана анын өркүндөп-өсүшүнө өтө зор салымын кошуп келаткан, Тилек айым жайкы жасалган иштеринен бөлүштү.

Буга чейин да Ысык-Көл облусунда элдин кадыр-баркына ээ болгон, жалгыз  “БААША” комдук бирикменин фольклордук  “Ысык-Көл айымдар” тобу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл округунда 5 күндүк концерт коюп, Кыргыз-Ата айыл округунун элинин сый-урматына ээ болуп, маданиятын тармагына ушунчалык жогорку деңгээлде экендигине күбө болуп кайтышкан эле.  “БААША” коомдук бирикменинин жетекчиси Тилек айым: “Биздин Ноокатка болгон сапарыбыз эсте калаарлык болду десем жаңылышпайм, буга чейин бир топ жерлерге барып концерт коюп келгенбиз, бирок  мен Кыргыз-Ата айылындагыдай 500 орундук клуб көргөн эмес экенмин, жасалгасынын кооздугун сөз менен жеткирип айтып бералгыс. Клубун көрүп эле, элинин маданият тармагына кандай көңүл бөлөөрүн байкап койсо болот экен.  Ноокат районундагы “Кыргыз-Ата” элдик фольклордук тобунун айымдары менен биздин айымдар ынтымакта, бирдикте маданият тармагын көтөрөлү деген максатта эки ансамбль ортосунда табышмак, макал-лакаптарды айтышуулар болду. Ноокат районунун эли менен таанышып, суктандыра турган  жерлерин көрүп кайттык. Биздин бул сапарыбызга көмөк көрсөткөн Чолпон-Ата шаарынын мэрине, Чон-Сары-Ой, Кара-Ой айыл өкмөттөрүнө ыраазычылыгыбызды билдирип кетмекчимин.

2013-жылдын 29-июнь айында  Чолпон-Атага келген Маданият министри С. Раев “БААША” комдук бирикменин фольклордук  “Ысык-Көл айымдар” тобуна  “Элдик фольклордук” тобу деген наам ыйгарган. Ал эми жогорудагы бирикменин жетекчиси Мааткеримова Т.Б. маданият тармагында “мыкты кызматкер” төш белгиси менен сыйланса, Чок-Тал айылынын тургуну “Ысык-Көл айымдар” элдик фольклордун тобунун айымы Элчибаева Шаарбүбү кол өнөрчүлүк боюнча сыйлыкка ээ болду.

Рыскүл Тыныбек кызы, Ысык-Көл аймагы боюнча атайын кабарчы

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru