Айбат » Аялдар коомдо зор күч

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аялдар коомдо зор күч

1

Ысык-Көл облусундагы Чоктал айылынын айымдары шырдак, кызга сеп, ар кандай кыргыздын оюлары түшүрүлгөн буюмдарды жасашат деп, угуп калчумун, “миң уккандан бир көргөнүң дурус” демекчи, жасаган кол өнөрчүлүктөрүн көрүүгө атайын Чоктал айылына сапар тарттым.

 Шырылган  шырдактарын, куралган курактарын, сайылган саймаларын көрүп, аябай таң калдым. Кудум эле атайын окуусун бүтүп, ушул тармакта иштеп аткан кесипчилерден да укмуш жасашыптыр. А болбосо, курамындагы айымдар ар кайсы кесиптин ээлери. Ошол айымдардын башын бириктирип, багыт көрсөтүп турган Чоктал айылынын тургуну, Элчибаева Шаарбүбү айым  менен баарлашкан бир аз убакытта нукура кыргыздын салт-санаасын урматтаган, улутубуздун руханий турмушуна кайдыгер карабаган, кыргыз элининин кол өнөрчүлүгүн өркүндөтүп, кийинки муунга калтырып, коомдук бир топ иштерди жасаган атуул экенине ынандым. Албетте, эжеге ошол айылдын патриоттук сезими күчтүү эже- сиңдилер жардам беришип, эжени көп жерден колдоп, жардам берип келатышат. Аялзаты баарыбыз жакшы билебиз үй оокатынан, бала багуудан дегеле колубуз бошобойт. Ал эми бул айымдар үй оокатынан, бала-бакыра, небере багуудан, катыш-кутуштан сырткары атайын убакыт таап, ушундай иштерди жасап атканына баа бердим.

- Шаарбүбү айым, айрым байбичелердей болуп небере жытын жыттап, төрдө отурчу убактыңыз деле келиптир. Бирок, дагы деле күүлү-күчтүү болуп, жаныңыз тынбай эл үчүн, айыл үчүн талыкпай эмгектенип атасыз? Ушунчалык Сизге дем- күч берип турган касиеттүү сырыңыз эмнеде?

– Туура айтасың кызым, небере жытын искеп, уул-келинимдин чайын ичип, өзүм курактуу байбечилелер менен баарлышып отурган убагым келди, бирок бул дүйнөгө жарыкка келген соң, өзүмөн кийин да из калтырайын, мен билгенди кийинки муун билсин, кыргыз салты унуткарылып калбасын деген максатта, жана жакыр катмарда жашап аткан үй-бүлөлөрдү көрүп, кандай жардам берсем экен деп, жардам берүүнүн жолун издеп, айтор патриоттук сезим күчтүү болсо жөн эле отура албайт экенсиң да. Ошол себептен, жөн гана пенсия алып отура бербестен, элге пайдалуу бир топ иштерди аткарып атабыз. Дем -күч  берип турган бул жөн гана үйдө отурбастан, тескерисинче  талыкпай эмгектенип, коомдук иштерди аткарып, айылыбыздагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө талыкпай эмгектенип атканымда болсо керек. Жашың өйдөлөгөн сайын көбүрөөк кыймылдап, активдүү болуп, ишке алаксысаң, оору өзү эле сенден качат.

- Элге  пайдалуу кандай иштерди жасап келдиңиз?

– Айылыбыздагы жакыр катмардагы үй-бүлөлөргө кичине да болсо жардам берейин деген максатта 2002-жылы “Зирек” өкмөттүк эмес уюм уюштурдум, жалгыз иштебейин деп Тилек Борончиевна менен биргелешип, “Ысык-Көл айымдары” тобун түздүк, 2006-жылы АДК түзүлгөн, кыскасы, бир топ иштерди аткарып келатабыз. Мисалы, ичкиликти токтотуу жагына көбүрөөк көңүл буруп, айыл жашоочулар менен алышып отуруп, ишибиз оңунан чыгып, ичкиликтен алыстадык десем эч жаңылышпайм. 2008-жылы АДК 25 000 сом акча каражатын бөлүп берген, ал сумманы текке кетирбей, бир адамыбыз  болсо да жумуш орду менен камсыз болсун деп, мектебибизден бир имарат алып, чачтарач ачып койдук, учурда иштеп атат. Ошондой эле өзүң көрүп тургандай биздин айымдар (Чоктал айылынын айымдары), ырдап-чордоодон сырткары, бир чети жумуш орду менен камсыз болсо, экинчи жагы кыргыз оюларын унуткарылбай кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында, чогулуп алып иштеп атабыз. Жалпы 12 аялдан турабыз, алтоо-тикмечи болсо, калгандары кийизчилер, ошондой эле мектеп жашындагы кыздарыбыз да бар. Көбү баатыр энелер, Жапарова Зарылбүбү-тикмечи, Айтикеева Турсун, Абдрасулова Бурул, Касымалиева Назгул-заманбапка ылайык бизге жаңы типтеги оюларды, курактарды үйрөтүүчү, Атыркүл деген кичинекей кызыбыз жана башкалар.

- Жасаган буюмдарыңыздар эл ичинде гана эмес, чет жактарга да сатылабы жана баалары кандай?

– Негизи буга чейин эл ичинде заказ алып, иштеп атканбыз. Алсак, кыз себин (жууркан-төшөк, кыз куржун, 1 килемче, 6 жаздыкча жана көшөгө) жасоодо материалына жараша баасы 15 миңден-18 миңге чыгат.     Быйыл бир шырдагыбыздын тушоосу кесилип,  Германияга сатылып кетти. Ага жолдомо Тамчы айылынын бала бакчасынын жетекчиси Билим айымыбыз болду. Дагы шырдак заказ беришти, азыр ошонун үстүндө иштеп атабыз. Ал эми шырдактарыбыздын баасы 8 миңден 20 миңге чейин бааланат, размерине ылайык.

- Иштериңиз шырдак менен гана чектелбейт да..?

– Жок, шырдактан сырткары, учурда ата-бабаларыбыздан курактардын падышасы болгон “Чымын канат” курагына көбүрөөк басым жасап атабыз, ошондой эле “Уй мүйүз”, “Бүлдүркөн”, заманбапка ылайык “Жылдызча”, “Мандалак” курактарын курап атабыз. Ошондой эле боз үйдүн кооздугу үчүн керектүү кооздуктарды жасап атабыз. Ал эми кийинки муундарга калтыруу максатында, алар да үйрөнүп, бизден кийин улантып кетсин деген чоң үмүттө, кичинекей кыздарыбыз кыргыз оюлары басылган, чырашталган атайын буюм-теримдерди, тапичкелердин түрлөрүн, көз айнек салгычтарды, пано жана башкаларды жасап атышат. Илгери биздин жаш кезибизде саймага абдан көңүл бурчу элек. Ал тургай жигитиңе жүз аарчыга атайын сайма сайып, шууру бастырып, белек катары берчү элек (күлүп)…

Чоктал айылынын активист айымдары шырдак, кызга сеп, жууркан-төшөк, кыргыздын оймолору түшүрүлгөн буюм-теримдерди жана башкаларды буйрутмага  алып жасашат.

Кызыккан кардарлар төмөнкү телефондорго чалып, байланышсаңыздар болот:
(03943)53695; 0553030452 (Шайырбүбү эже).

 Рыскүл Тыныбек кызы, Ысык-Көл аймагы боюнча атайын кабарчы

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru