Айбат » Ачкачылык кармагандар бир нерсе болуп кетсе Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев милдеттүү түрдө жооп бериши керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ачкачылык кармагандар бир нерсе болуп кетсе Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев милдеттүү түрдө жооп бериши керек

сатыбалдиев

5 күндөн бери Токмок шаарына акыйкатттык үчүн ачкачылык кармап жаткан жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов жана анын тарапташтары  өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким алардан кабар албаганына нааразы болууда. Бул тууралуу жаш саясатчы  Жеңиш Молдокматов өзүнүн маалымат кызматына билдирди.

Анын айтымында, расмий түрдө 5 күн аралыгында Саламаттыкты сактоо министри  Динара Сагынбаева жана Өкмөт  башчы Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан эч кандай чаралар көрүлгөн жок. “Эгерде, ачкачылыкта отурган бешөөбүз же Чыңгыз Султановдун апасы Тамара Артыкбаева бир нерсе болуп кетсе, биринчи кезекте Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жантөрө Сатыбалдиев жооп берет. Анткени, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Өкмөт крим аталык жана кылмышкер Азиз Батукаевди абакта жаткан жеринен мыйзамсыз түрдө   документерди жасап, Манас аэропортунан кызыл килемче менен сыртка чыгарып жиберишкендиги менен дагы чабалдыгын көрсөткөн. Азыр дагы Кыргыздын баатыры Чыңгыз Султановдун өлүмүн кургак учукка уялбастан такап, келүүдө. Октон көз жумгандыгын Чыңгыздын дарылаган дарыгери жана Башкы прокуратура далилдеп турса да, өз оюну менен алек”  жана бүгүнкү күндөн баштап Нарын жана Ош шаарларында ачкачылык акциясы башталганын кабарлайт Ж. Молдокматов.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Султановдун апасы Тамара Артыкбаева 19-сентябрь күнү Токмок шаардык ооруканага кан басымы 210 көтөрүлүп, кайрадан 2-3 сааттын ичинде кан басымы 80ге чейин түшүп кеткен.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда маалымат жыйында жаш  активист Жеңиш Молдокматов, өкмөт “Апрель революциясынын баатырларынын” бири  Чынгыз Султановдун үй бүлөсүнө 1 миллион сом жана батир бөлүп бербесе, биз 16-сентябрь күнү ШКУ саммити бүткөндөн кийин  ачкачылык жарыялайбыз деп билдирген. Анын айтуусу боюнча өкмөт “апрель революциясынын баатырларына” материалдык жардам жана батир беребиз деген убадасын аткарган жок. Чынгыз Султановго 2010-жылы ок тийип, жарадар болгон. Ал 1 жыл 9 ай дегенде каза болгон. Анын оорусу күч алып, дарыгерлер 6 кабыргасын кесип салышкан. Бирок, каза болгондон кийин Убактылуу  өкмөттүн “бир жолу бериле турган материалдык жардам” жөнүндө Токтомун Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт аткарбай келет. Акыркы 2 жылдан бери Ч. Султановдун жалгыз энеси  Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып,  Өкмөттөн суранып келген. Тилекке каршы бул сураныч бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Ал эми октон жабыркап шейит болгон Кыргыздын баатыры Чынгыз Султанов кургак учук оорусунан каза болгон деген бүтүм чыгарып коюшту. Чынгыз Султановдун  апасы Артыкбаева Тамара жана жалгыз кызы Токмок шаарындагы жеке ишкердин сарайында жашап келет.

 

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовдун Басма сөз кызматы

Сурап билүү телефону: 0771-11-51-21

Айбат




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru