Айбат » Эл өкүлдөрү элге аралашабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Сурамжылоо » Эл өкүлдөрү элге аралашабы?

сурооАзыр ар бир депутатка унаа бөлүнүп, ал унааны тейлөөгө айлык каражаттар жана айдоочу дагы каралган. “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кызматтык унааларды кыскартууну сунуштоодо. Эгер муну депутаттар колдой турган болсо жылына 150 миллион сом үнөмдөлөт экен.“Биз анын ордуна ар бир депутаттын баскан-турганына ай сайын 15-20 миң сом бөлүп берели деп атабыз. Ал акча такси менен жүрүүгө, керек болсо унаа жалдап алууга жетет экен. Каалагандар балким акчасын үнөмдөп коомдук транспортко түшүп, болбосо жөө жүрөт”, -дейт мыйзам долбоорунун автору Өмүрбек Текебаев.

Эл өкүлдөрү эмне үчүн эл катары коомдук транспортко түшбөйт деген суроо коомчулук тарабынан такай коюлуп келет. Аттулдук коом өкүлдөрү ар дайым өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылып, ал жактын депутаттары жөө-жалаңдап, болбосо кадимки метро же автобуска түшкөнүнө суктанышат.

“Белгилүү эле саясатчылар коомдук транспортко түшкөндө аны эл кандай кабыл алат? Ошол жерден “бизди ушул абалга алып келген силерсиңер” деп, бир жаш бала мурунга койсочу?”

Атуулдук активист Мирсулжан Намазалиев : “Депутаттар, деги эле чиновниктер элге аралаша жүрсө коомдогу проблемаларды өз көзү менен көрмөк. Мисалы ошол эле маршруттук такси, автобустардын абалы начар, проблема көп”,- дейт.

“Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаев кызматтык унаа алган эмес. Бирок депутаттын алдында унаасы болушу керек деп, кесиптешинин сунушуна каршы чыгууда. Ал өзү коомдук транспортко түшүүдөн коркпосун, бирок жалпы саясатчылардын коопсуздугуна кепилдик жок экенин айтат:Бир депутатты мурунга коер, экинчисине асылышы мүмкүн. Бирок эми карапайым элдердин чөнтөгүнөн акчасын уурдап, көчөдөн зордуктап, өлтүрүп кетип атпайбы. Андыктан бул проблеманы депутаттар дагы билиши керек да. Белгилүү эле саясатчылар коомдук транспортко түшкөндө аны эл кандай кабыл алат? Ошол жерден “бизди ушул абалга алып келген силерсиңер” деп, бир жаш бала мурунга койсочу? Бул маселенин коопсуздук жагын дагы караш керек да”.

Кыргызстанда чынында эле эл менен эл башындагылардын ортосундагы ажырым бар экени байкалат. Депутат, чиновниктерди карапайым аттулдардын катарында чанда гана көрүүгө болот.

Бул бир жагынан “эл жакшылары”, “атка минелер” деп өзгөчөлөнгөн менталитет.

Экинчи жагынан чынында эле коопсуздук маселеси дагы бар. Бирок бул өлкөдө бир гана депутаттардын эмес, жалпы эле элдин коопсуздугуна кепилдик жок. Бир депутатты мурунга коер, экинчисине асылышы мүмкүн. Бирок эми карапайым элдердин чөнтөгүнөн акчасын уурдап, көчөдөн зордуктап, өлтүрүп кетип атпайбы. Андыктан бул проблеманы депутаттар дагы билиши керек да”,- дейт атуулдук активист Намазалиев.



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Эл:

    эл окулдору кайдан чыгат билбейм олуп эле кетишсин деги маган барибир!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru