Айбат » Лондондо “чоң атанын” кызматы талап кылынууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Лондондо “чоң атанын” кызматы талап кылынууда

1

Лондондо чоң ата болууну каалагандар үчүн вакансия ачылды. Мындай адаттан тыш билдирүү жергиликтүү сайттардын бирине чыкты. Бул тууралуу Metro басылмасы билдирди. Жарыянын шарттарына ылайык, талапкерлер бир канча шарттарга туура келиши керек. Мисалы, саат алтыда туруп, телевизордун алдында уктай алышы керек. Ошондой эле, неберелерине согуш тууралуу айтып берүү; неберелеринин аттарын унутуп калып, аларды башка аттар менен чакыруу; бакчадагы ишти көзөмөлдөө; дайыма печенье менен чай ичүү кирет. Жарыя бергендер бул болгону коюлган талаптардын жарымы гана экенин белгилешет. Ошентсе да, аталган бош орунга кимдир бирөө арыз берип, бербегени белгисиз. Кийин белгилүү болгондой бул жарыя тамаша иретинде берилген. Аны британиялык юмордук блоктун командасы берген. Алар Японияда ушуга окшош кызмат көрсөткөн сервис бар экенин угуп, андан соң аны Британияда да сынап көрүүнү чечишкен. Японияда аталган “кызматты” кылгандар иштеген саатына ылайык акча алат.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru