Айбат » Жыпар Жекшеев: Жагабы, жакпайбы… Алмазбек Атамбаев жакшы иштеп жатат!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жыпар Жекшеев: Жагабы, жакпайбы… Алмазбек Атамбаев жакшы иштеп жатат!

Жыпар ЖекшеевУчурдагы оппозиция бийликке жетүү үчүн ар кандай жолдорго бара турганын көрсөттү. Буга жергиликтүү телеканалдарда жарыяланып кеткен видеолор далил. Негизи эле сиз учурдагы оппозициянын аракеттерине кандай баа бересиз?

– Алгач эгемендүүлүктөн бери басып өткөн жолду карайлы. Эң алгач оппозиция биз болгонбуз. Анда Советтер Союзу жоюла элек болчу. Кыргызстан элдик кыймылын түзүп (КЭК) бир партиянын үстөмдүгүнө каршы күрөшкөнбүз. КЭКте эгемендүү Кыргыз мамлекетин түптөй турган мыкты программалары бар эле. Андагы идеялардын 70-80 пайызы 1993-жылдагы Баш мыйзамга киргизилген. Тилекке каршы, кийинчереек Акаев баарын ойрон кылды. Ал үй-бүлөлүк башкарууга багыт алып, өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болду. Ал эми К.Бакиев бардык маселени күчкө салып, арты эмне менен аяктаганын баарыбыз билебиз. Буларды айтканымдын себеби, азыркы оппозиция менен салыштыруу. Учурдагы оппозиция “Кумтөрдөн” башка эч нерсе таппайт. Алар 90-жылдардагы оппозициянын деңгээлинен да төмөн түшүп кетти.

– Кантип?

– Ошол эле өткөн жылдын 3-октябрындагы окуялар алардын деңгээлинин кандай экенин көрсөтүп койду. “Чыңгызхандай” болобуз деп тосмодон ашып түшүп, кийин “бийликти алабыз деген оюбуз болгон эмес, жумушка баратканбыз” деп “ит” болбодубу. Кыскасы өздөрүнүн абийрин айрандай төктү. Бетине карманганы эле “Кумтөр”. Жагабы, жакпайбы Алмазбек Атамбаев жакшы иштеп жатат. Бакиевге же Акаевге окшоп үй-бүлөсүн бийликке аралаштырган жок. Атамбаевден эч бир айып таба албайт. Менин бул пикиримди айрымдар “дежур” деп айыпташы мүмкүн. Бирок менен акыйкатты айтып жатам.

Азыркы оппозиция эптеп эле бийлике жетейин деп көздөрү кызарып турат. Алар бийлик тарабынан аткарылып жаткан иштерди көрбөйт, көргүсү да келбейт. Мисалы, мамлекет оор күндөрдү башынан кечирип жатканына карабай чоң-чоң проектилер ишке ашып жатат. Далил катары ошол эле ГЭСтердин курулушу, “Датка-Кемин” көмөкчордону, жолдордун салынып башташы, Кара-Балтадагы мунай өндүргөн завод сыяктуу ири ишканаларды айтсак болот.

– Кыргыз саясатчылары арасында бийлик тийбей калса оппозиция тарапка өтмөй адаты бар. Бул “оорудан” кантип арылсак болот?

–  Туура, азыркы оппозициянын 90 пайызы дал ушул катмардагы саясатчылар. Алар бийликте турганда башкача ырдап, башкача намаз окучу. Сүйлөгөн сөздөрү, баскан-турганы да такыр башкача болчу. Булардын амбициялары да күчтүү. Барып эле чоң кызматка отура калсам деп эки көздөрү төрт болуп турат. Тилекке каршы,  алар көздөгөн орундар чектелүү. Анан да учурдагы оппозиция ишке ашпаган талаптарды коюп эптеп эле бийликти кетирүүнү көздөп жаткандай өңдөнөт. Артында чоң күчтөр да болушу мүмкүн. Бирок, тилектери ишке ашпайт. Анткени, биздин эл саясатты мыкты өздөштүргөнгө жетишти. Кимдин ким экенин баары билет. Керек болсо азыркы оппозициянын артынан калың эл ээрчибейт. Калктын колдоосуна ээ болуш үчүн эң алгач баскан жолу таза болушу керек да. Ошондой азаматтар оппозицияда барбы?

– Кыргызстан 2010-жылдан кийин парламенттик башкарууга багыт алды. Мунун шарапаты менен оппозиция өкүлдөрү парламентке келип эң маанилүү комитеттерди жетектөөгө мүмкүнчүлүк алды. Учурдагы парламенттик оппозиция өз миссиясын кандай аткарып жатат?

– Парламенттик башкаруунун негизги жетишкендиги бир үй-бүлөнүн башкаруусунан кутулдук. Жакшыбы жаманбы Жогорку Кеңештеги беш партия өлкөдө башкарууну өз мойнуна алды. Оппозицияга биринчи жолу чоң трибуна берилди. Сен айткандай алар эң таасирдүү комитеттерди башкарууга алды. Бул деген оппозицияны легеалдаштырууга алып келди. Эгерде парламенттеги оппозициялык “Республика” жана “Ата Журт” фракциялары өз укуктарын толук пайдаланып, бийликтин катасын көзгө сая көрсөтүп турганда бедели көтөрүлмөк. Тилекке каршы, алар мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатат.

– 10-сентябрда кыргыз өкмөтү “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрдү аяктап жаңы  келишимди парламентке сунуштады. Мында Кыргызстан менен Канадалыктардын үлүшү 50 пайыздан болот экен. Айрым саясатчылар бул келишимди “чыккынчылык” деп баалады. Чын эле жаңы келишим өлкө кызыкчылыгына каршы келеби?

– Мен билгенден “Кумтөр” боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия сүйлөлөшүүлөрдү жүргүзүп элдин кызыкчылыгына дал келген чечимин чыгарды. Ал жакынкы күндөрү парламентте каралышы күтүлүүдө. Бул кыргыз эли үчүн чоң жеңиш. Ал эми аны “чыккынчылык” деп баалаган саясатчыларды да түшүнсө болот. Алардын максатын жогоруда айтып өттүм.

– “Кумтөрдү” толугу менен мамлекетке өткөрүш керек дегендер да чыгып жатат. Чын эле компанияны улутташтырып өзүбүз иштетсек болобу?

– Кенди толугу менен мамлекетке өткөзүү сүйлөшүүлөр жолу же сот аркылуу ишке ашат. Азыр өкмөт сүйлөшүүлөр жолу менен Кыргызстандын үлүшүн 50 пайызга жеткирди. Ал эми сотко кайрала турган болсок биз утулабыз. Анткени, буга чейинки бийлик баардык документтерге кол коюп, ратификациядан өткөрүп таштаган.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru