Айбат » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: Тасмадагылар далилденсе – бул «саясый экстремизм» болуп саналат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Видео, Маек » Нурлан Орозбаев, саясат таануучу: Тасмадагылар далилденсе – бул «саясый экстремизм» болуп саналат

1- Өлкөдөгү жалпы саясый кырдаалга кандай баа бересиз? Сиздин баамдооңузда, бул жолку күзгү саясый күрөштө ийгилик ташы оппозицияга оойбу же бийликкеби?

– Кээ бир саясый окуяларды эске албаганда, негизинен өлкөдө кырдаал туруктуу. Мамлекеттик саясатта позиция да, оппозиция да жарандардын саясый аң-сезимине багытталган түрдүү иш-аракеттер менен күрөш жүргүзүүдө. Бирок өлкөдөгү жарандардын чыныгы мамлекеттик позициясы калыптана элек. Ошол себептен, белгилүү бир деңгээлде элди кандайдыр бир мамлекетти өнүктүүрү жөнүндө программасы менен эки тарап тең ишенимдүү саясат жүргүзө албай келет. Андыктан ушундай кезде маалымат саясатында түрдүү саясый боектор берилиши мүмкүн. Себеби элдин саясый көзкарашы, кайсы бир саясый идеяга негизделип таяна албайт, маалыматты түз кабыл алат. Ошондуктан маалымат саясаттын кандай гана саясый күч же тарап болбосун туура колдонсо, ийгилик ташы ошол жакка ооп кете берет. Маселен, акыркы учурдагы көрсөтүлүп жаткан тасмалар кайсы бир саясый күчтөрдүн же тараптардын иш-аракеттерине албетте чоң таасирин тийгизбей койбойт.

- Оппозициянын негизги куралдарынын бири – «Кумтөр» алтын кенине байланган маселе. Өкмөттүн аны чечкенге кудурети жетеби? Эгер чече албай калсачы? Анда өкмөт отставкага кетиши ыктымалбы?

«Кумтөр» алтын кени өлкөдөгү чоң экономикалык саясат. Андан ар кандай саясый оюндарды жасагысы келген топ же күчтөр бар. Ошондуктан тигил же бул кызыкчылыктарды эске алардан мурун мамлекеттик кызыкчылыктын негизинде анын оң жана терс жактарын карап көрүш керек. Азыркы өкмөт «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу маселени чечеби же чечпей тарап кетеби аныменен кенге байланган көйгөйлөрдөн өлкө арылбайт. Себеби ири экономикалык долбоорлор кайсы гана мамлекетте болбосун ар дайым саясый талашты жаратып келет. Менимче, өкмөттүн отставкасы менен маселе чечилбейт.

- «Быйыл өкмөт отставкага кетип же парламент тарашы ыктымал» деген божомол арбын айтылууда. Экөөнүн кимиси «садага» чабылса азыраак зыян тартабыз?

– Албетте өкмөт тараса азыраак зыян тартабыз. Анткени, өкмөттү таратып же шайлоо процесси парламенттин ичинде болуп, өлкөдөгү саясый кырдаалга анчейин таасир этпейт. Ал эми, парламент тараса элдин калың катмарын саясатка тарткан шайлоолор мөөнөтүнөн мурун башталып, мамлекеттик саясатка олуттуу түрдө чыңалуу жаратат. Эки ыңкылапты баштан кечирген өлкө үчүн саясый туруктулук абадай зарыл болуп турганда парламентти таратуу чекилик болуп калмак.

- Оппозициянын бийликти алуу планын ашкерелеген тасманын жарыяланышы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Жеке сиз бул тасманын жарык көрүшүн кандай кабылдадыңыз?

– Акыркы учурда байма-бай сөз болуп жаткан чуулгандуу, башкача айтканда оппозициянын сырын ашкере кылган тасмалар элдин назарын буруп, түрдүү пикирлерди жаратта алды. Негизинен 2010-жылдагы ыңкылаптан бери ашкерелеген саясый мүнөздөгү тасмалар ар кандай кырдаалда жүз берип турду. Бирок тасмалардан ушул убакка чейин укуктук жыйынтык чыкпай аларга саясый гана баа берилген. Ошондуктан эл ишенимде ача пикирлер ар дайым жаралып келет. Соңку тасмалар да саясый мүнөздү камтып, бир топ маселе жаратат.

- Дүйнөлүк практикада ушундай окуялар катталганбы? Катталса, аларга карата кандай жаза колдонулган?

– Бул «саясый экстремизм» болуп саналат. Тасмадагы саясый экстремизмдин иш-аракеттери далилденсе, бир катар дүйнө мамлекеттери эң жогорку өкүм жазалары берилери дайын. Маселен, мындан эки жыл мурун Кытайдагы кармалган экстремисттерге өлүм жазасы аткарылган. Андыктан, укук коргоо органдары бул окуяны тыкыр иликтеп, юридикалык баа бериши керек. Эгер Э.Өмүралиевдин айткандары далилденсе, анда ысымы аталган саясатчылар мыйзамда көрсөтүлгөн жазасын алышы абзел. Эгер тескерисинче, Э.Өмүралиев жалган маалымат таратып, оппозициячыл саналган саясатчыларды бир жактуу каралаган болсо, ал дагы мыйзам чегинде жазага кириптер болушу зарыл. Анткени, бул жерде мамлекеттин келечеги тууралуу сөз жүрүп атат.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru