Айбат » Профессор А.Арзыматова: Учурдагы оппозициянын күнү өткөн-кеткен…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Профессор А.Арзыматова: Учурдагы оппозициянын күнү өткөн-кеткен…

Арзыматова АйнураТарыхчы-политолог, профессор, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын жетекчиси Айнура Арзыматованын учурдагы оппозицияга ичи чыкпай келет. Бул тууралуу ал «Вести.kg» сайтына айткан.

Анын айтымында, бийликтин каршылаштарынын элди көтөрүүгө болгон аракетинен эч майнап чыкпайт.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Суваналиев каршылаштык кыймылын түздү. Садыр Жапаровдор маалымат жыйынын өткөрүштү. Буга чейин сентябрда бийликке каршы акциялар башталат деп айтылып келген.

– Азыркы оппозициянын баарынын поезди эбак кеткен, булардын күнү өткөн-кеткен, Ташиевдер болобу, Суваналиевби… Мен булардын максатын түшүнбөй жатам. Эч кимиси чоң саясатка эми келе албайт. Анүстүнө бүгүнкү күндө элди ээрчите алган бир лидер жок, – дейт Айнура Арзыматова.

Адистин айтымында, муну менен бирге бийлик тарабынан абдан мыкты маалыматтык кадамдар жасалууда – “Кумтөрдөн” акча доолап аткан жана “юпигейт” боюнча материалдарды ачык коомчулукка чыгаруу. Арзыматованын ою боюнча, мындай кадамдар менен бийлик “оппозициянын толгон шишин жарып атат”.

– Оппозициядан ошол эле жүздөрдү көрөсүң, бул проблема болууда. Бекназаров канча коркутту эле, эмне болду? Эчтеке! Булардыкы деле ушундай болот, – деген ишенимин айтты профессор.

Анын пикиринде, коалициялык көпчүлүккө кирем дегени менен Өмүрбек Бабанов активдүү оппозиционерлер менен байланышта болуудан баш тартпайт.

– Суваналиевдин өз амбициялары бар, Ташиевде өзүнүн. Бабанов дагы ар кыл байланыштарды үзбөй, оппозиция жана бийликтин каршылаштыгынан өз пайдасын көрөт, өзүнүн саясатын жасайт. Анткени анын бийликке жетсем деп көксөгөнү өтө элек. Бирок Бабановдун позициялары да бошоңдоду, – дейт Арзыматова.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru