Айбат » А. Жекшенкулов оппозициянын жыйынында өзүнүн адаттан тыш оройлугун көрсөттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » А. Жекшенкулов оппозициянын жыйынында өзүнүн адаттан тыш оройлугун көрсөттү

Жекшенкулов Аликбек“Юпигейт” окуясы боюнча оппозициянын маалымат жыйыны ММК өкүлдөрүнүн да купулуна толгон жок. Айрым  журналисттер жыйын башталардан алдың эле “силердин телефон сүйлөшүүлөрүңөргө эч ким ишенбейт, кандай гана тасма болбосун биринчисине ишенет” сыяктуу ойлорун айтты. Ага болбой эле көкбеттенген экс-министр Аликбек Жекшенкулов бул жыйында өзүнүн адаттан тыш оройлугун көрсөттү.

Буга чейин сыпайы дипломат көрүнгөн Алике эмоцияга алдырып, суроо берген айрым журналисттерге омуроңдоп да алды. Чын чычалайт болуп, ортоңку позициядагы ММКлардын өкүлдөрүнө “бийлик даярдап берген суроону бербегиле” деп омураңдады. Кызык, журналисттер үчүн маалымат бергени келгенден кийин кысчу жерин кысып, берилген суроого жооп бербейби чычалабай.

Кыскасы, буга чейин оппозиция өкүлдөрү өткөргөн маалымат жыйындары кызыктуу, ачык суроого так жооптор менен коштолуп келсе, бул жолу “суз” болду.

Аликбек Жекшенкуловго “Учурдагы бийликтин каршылаштары имараттарды басып алуу, жол тосуу сыяктуу опурталдуу аракеттерге барып жатат. Оппозициянын мындай аракетине нааразылар да басымдуу. Эл артыңардан ээрчий турган аракеттерге барбайсыңабы?”, деген суроо берилсе, “Ким имаратты басып алыптыр? Ким жолду тосту? Биздин андай жолго барган жокпуз, деп жооп берди (жанында Чыңгызхандын “шаркирттери” тымпыйып отурат).

Сиз буга чейин маалымат каражаттарына “Эрлан Өмүралиевди тааныбаймын, аны менен тууган да эмесмин” деп актангансыз. С.Жапаров менен Э.Өмүралиевдин телефон сүйлөшүүсүндө Э.Өмүралиев сиздин бул сөзүңүзгө таарынганын айтыптыр. Буга не дейсиз?”, деген суроого “Мен тааныбаймын деген эмесмин. Жакшы тааныбаймын дегенмин. Бир-эки жолу көргөн адамды эле тааныймын дей берген туура эмес”, деп бир тийди.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru