Айбат » Э.Өмүралиев «Юпи» операциясын ишке ашырып бер деп кайрылган Хизбут-тахрирдин мүчөсү муну тастыктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Э.Өмүралиев «Юпи» операциясын ишке ашырып бер деп кайрылган Хизбут-тахрирдин мүчөсү муну тастыктады

Эрлан ӨмүралиевОппозициянын  «Юпи» операциясы коомчулукта дагы деле кеңири талкууну жаратууда. Бул боюнча улам жаңы жагдайлар ачылып атат.

Кечээ Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов, Кубаныч Кадыров, Талант Мамытов сыяктуу саясатчылар маалымат жыйын өткөрүшүп Эрлан Өмүралиевдин «Юпи» операциясын ачыктаган буга чейинки видеосу монтаж экенин,  бул сөздөрдү УКМКнын кызматкерлери Эрланды 7-кабаттан ыргытып өлтүрөбүз деп коркутуп жаздырып алышканын айтышты эле. Алардын айтымында, Эрлан Өмүралиев азыр УКМК кызматкерлеринин кайтаруусунда жүрөт жана качып чыгып телефон чалып,  ушуларды айтып берген имиш. Алар алып чыккан аудиожазууда чын эле Эрлан Өмүралиев сүйлөп атабы, же башкабы – бул нерсе али белгисиз.

Бирок, ушул эле күнү УКМК оппозициянын бул билдирүүсүн четке какты. Ал тургай, «Юпи» планы оппозицияда болгонун далилдеген дагы бир видео-далилди сунуш кылышты. УКМКнын маалыматына караганда, Эрлан Өмүралиев өз каалоосу менен келип, арыз менен кайрылып оппозициянын бул пландарын айтып берген, муну далилдеген өз колу менен жазылган, айткандарынан кайтпай турганын билдирген арызы бар.

Сууну уулантып, коомчулукту ызы-чууга салууну пландаган бул операция коркунучт уу болгон үчүн аталган видеону шардана кылууну туура табышканын айтат УКМКнын маалымат кызматы.

Шардана болгон дагы бир видео тасмада Нарындын тургуну Бакыт Жуматаев өзү «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү экенин, чынында эле оппозицияда «Юпи» планы болгонун, ага Эрлан Өмүралиев келип бул ишти аткарууну сунуштаганын, бул үчүн чоң акча сыйлыкка аларын убада кылганын айтууда.

“Нарын суу аркылуу цианиддин келиши жана куюлушу ЮПИ деген программа бар, ошону ишке ашырсак, жанагы акчаны айтты – бир сумма турат, ошол сумманы беребиз деп убада кылышты дейт. Бул жашыруун ишке аша турган грандиозный программа, аябай тонко иштетилген, ЮПИ деген программа боюнча келчү материалдар жашыруун түрдө келет, аякта цианид бар, аякта жанагындай целлофандар бар. Кумтөрдө жердин астында төшөлгөн целлофандар болот, ар кандай көбүк жараткан порошоктор болот, ошолорду биз коктулардан, Эки Нарын, Калинин деген айылдар жактагы коктулардан Нарын сууга төгөбүз деп айтты. Ушуларды балдар менен сүйлөшүңүз. Анткени буга чейин эмне иш кыласыз деп тиричиликте сүйлөшө келгенде мен ушу тоого барып, алтын издөө жана казуу боюнча иш кылам деп айткам. Сиздин балдарыңыз барбы дегенде, алты бала болуп иштейбиз, деп айткам. Ошондо балдарыңызды ушуга даярдап бересизби деп айткан. Балдарыңызга айтыңыз, ушуга макул болсоңуз, силер деле кыйналып атасыңар, материальный жакты карагыла. Материальный жак боюнча кыйналып атат болушуңар керек, негизи ал жакка барыш деле кыйын. Ал эми мобу ишти кылышта көптөгөн суммадагы акча бар, оңой эле, муну техничный жакшы, детально бардыгын ишке ашырсак, көп суммадагы акча бат эле болот дейт. Каржылоо боюнча Садыр Жапаров каржылайт. Садыр Жапаров любой сумманы берем деген, бул боюнча граница бар деди. Эч кандай алдоо болбойт, калп айтпайбыз, бул риск боюнча биз жакшы ишке ашырсак, акча колго тиет” дейт Бакыт Жуматаев видео тасмада.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru