Айбат » Марс Сариев, саясат таануучу: Суваналиев жеке мамилени саясатка аралаштырып атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев, саясат таануучу: Суваналиев жеке мамилени саясатка аралаштырып атат

Сариев Марс- Марс мырза, Өмүрбек Суваналиев «Каршылык көрсөтүү кыймылы» деп аталган кыймылынын презентациясын «Ак кеме» мейманканасында өткөрүп, анда Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп билдирди. Буга кандай пикирдесиз?

– Бул эми чындыгында болбогон кеп. Суваналиев өзү көптөн бери саясатта жок болуп кеткен, аты да угулбай калган болчу. Ошондуктан ал эми кайрадан саясатка кириш үчүн орусча айтканда «громкий заявление» менен чыгып атат. Алардын логикасында ушундай. Кайрадан саясатка киришкенин, активдешкенин эле билдиргиси келди.

- Буга чейин Суваналиев «Атамбаев менин душманым» деп «Азаттыкка» айтканы бар. Андыктан ал азыркы бийликти жеке мамилеси үчүн жектеп атат дегенге болобу?

– Туура, балким алардын ортосунда кандайдыр бир жеке келишпестик болгон болушу керек. Бирок, жеке мамилени саясатка аралаштырган болбойт. Туура эмес көрүнүш.

- Ошондой эле Суваналиев азыркы бийликтин арасынан эң алсыз Иса Өмүркулов деп билдирди. Ал өз милдетин так аткара албай жатат дейт. Чын эле Иса Өмүркуловду эң алсыз болуп жатат десек болобу?

– Болбойт. Бул деле жогоруда айтканымдай Суваналиевдин «громкий заявлениеси». Азыр Бишкек шаарында жаштар. Жолдор оңдолуп жатат. Алгылыктуу иштер болууда. Ошондуктан Иса Өмүркулов начар иштеп жатат деп айтууга болбойт.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru