Айбат » Эркингүл Иманкожоева, ЖК депутаты: «2010-жылы куралды Бакиевдин бийлиги колдонгон»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эркингүл Иманкожоева, ЖК депутаты: «2010-жылы куралды Бакиевдин бийлиги колдонгон»

Иманкожоева- Өмүрбек Суваналиев бүгүн «Ак кеме» мейманканасында «Каршылык көрсөтүү кыймылы» аттуу кыймылынын презентациясын өткөрүп жатып, «2010-жылы куралдуу төңкөрүш болгон» деп билдирди. Чын эле куралдуу төңкөрүш болду беле?

– Эч кандай куралдуу төңкөрүш болгон эмес. Ошол учурдагы элдин жашоо-шарты аларды нааразычылык акциясына жалпы көтөрүлүүсүнө түрткөн. Эл жөн гана бийликке «үнүбүздү укса экен» деген үмүт чыгышкан. Жетектеген эч ким болгон эмес. Бирок, колунда куралы жок тынчтык митингине чыккан элге Бакиевдин бийлиги курал колдонуп, күнөөсүз эле өз элине ок чыгарган. Мындай кадам элдин кыжырын ого беш бетер келтирген. Андыктан муну чыныгы элдик революция десек болот. Эч кандай куралдуу төңкөрүш эмес.

- Андай болсо Суваналиев эмнеге минтип айтып жатат деп ойлойсуз?

– Суваналиев каалаганындай айта берет. Анын үстүнө азыр сөз эркиндиги. Ага эч ким тоскоолдук да кылбайт. Бирок, анын айтканы менен эле элдин пикири өзгөрүп калбайт. Анткени 2010-жылы апрель окуясы кандайча болгондугун элдин баары эле билет.

- Анын айтымында бүгүнкү күнү бардык бийликти Атамбаев узурпациялап алыптыр. Буга кандай пикирдесиз?

– Ушундай пикирди айткандан кийин, ага фактыларды да келтириш керек го. «Мына бул кызматта тигил тууганы, башка кызматта дагы башка тууганы отурат» деп көрсөтсүн. Анан эч кандай фактысы жок эле оозуна келгендей сүйлөй бергенде да болбойт. Азыр бийлик бир кишинин колунда эмес. Ар кайсы партиянын өкүлдөрү бийликте отурат. Өкмөттү Жогорку Кеңеш түзүп жатат. Анан кайдагы узурпация? Ырас, оппозициянын жумшу бийликти сындап турушу керек. Бирок, сындаганда да конкреттүү фактылар менен сындагандары жакшы.

- Ошондой эле Суваналиев азыркы бийликтин арасынан эң алсыз Иса Өмүркулов деп билдирди. Ал өз милдетин так аткара албай жатат дейт. Чын эле Иса Өмүркуловду эң алсыз болуп жатат десек болобу?

– Иса Өмүркуловдун аракеттенип иштеп жатканын бардыгы эле көрүп турушат. Бирок, бардык жумушту бир эле учурда жасап салууга эч ким жетише албаса керек. Колунан келишинче жакшы аракеттерди жасап жатат. Ош базарынын айланасын тартипке келтирип койду. Мурда бул жумуш бир да мэрдин колунан келбей койгон. Базардын тегерегиндегилер ыз-чуу салып атышып эле, кайра башаламан соода кыла беришчү. Андан сырткары быйылкы жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп жолдор оңдолуп атканын көрүп жатабыз. Албетте, кемчилдиксиз адам болбойт. Кемчилдиктери да болуп жатат. Бирок, аны менен таптакыр эле иш кылбай жатат деп айтууга болбойт.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru