Айбат » Суваналиевдин кыймылы Бакиевдердин камчысын чабабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Суваналиевдин кыймылы Бакиевдердин камчысын чабабы?

Бакиев Курманбек
Өмүрбек Суваналиевдин «Каршылык Көрсөтүү Кыймылы» аталыштагы жаңы кыймылы азыркы бийликтин оппоненти болумуш эткени менен, түпкүлүгүндө өз элине ок чыгарып, кырчындай улан-кыздарды кырган Бакиевдердин заманын кайрадан орнотуу максатын койгондой туюлат. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн кыймылдын катарындагы фигуралардын жана аны колдогон саясатчылардын айткан сөздөрүнө, позициясына абай салалы.

Бакиев КурманбекКыймылдын лидери Өмүрбек Суваналиев 2010-жылдын 7-апрелинде куралдуу төңкөрүш болгонун жар салды. Ал эми качкын президент Курманбек Бакиев дагы чымын-чиркейлүү Минскиге жатып алып апрель революциясына шек келтирип, 7-апрелде куралдуу төңкөрүш болгонун билдиргенин укканбыз. Бул жөн гана дал келүүчүлүк болбосо керек?! Себеби кыймылды түптөө жана өзү айткандай ар кандай нааразычылык акцияларын өткөрүү үчүн оңбогондой каражат сарпталары турган иш. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалаган, расмий бизнеси жок генерал ага каражатты кайдан тапмак беле? Ошондон улам, Бакиевдерден миллиондорду алып, Бакиевчесинен апрель революциясын куралдуу төңкөрүш атаганынын себеби ушунда болуп жүрбөсүн?

Ушул эле кыймылдын мүчөсү Чолпон Жакупованы алалы. Батыштан каражат алып, жанын баккан бул айым апрель революциясында карапайым калк дагы куралданган деп, элге ок аткан күзөт кызматкерлерине адвокаттык кылып жүргөнү жалганбы? 2010-жылдын 7-апрелинде бейкүнөө жарандарды кырган кызматкерлердин укугун коргогон Жакупованын Бакиевчесинен «куралдуу төңкөрүш» деп кыйкырган Суваналиевдин катарына кошулганын сыры ушунда катылып жүрбөсүн?

«Каршылык Көрсөтүү Кыймылынын» лидерлеринин бири Бегалы Наргозуевдин өмүр жолун алалы. Ал киши авиа тармагындагы ийгиликтүү бизнесмен катары таанылып, 2007-жылы «Ак жол» партиясынын атынан депутаттык мандат тагынган. Анын депутат болушуна ал кездеги ханзаада Максим Бакиев зор салым кошкону белгилүү. Ошондонбу, «Эсен Эйр» компаниясына Максимдин Виталий Карлович Ким аттуу жакын адамын өнөктөш катары киргизген. Бегалы мырза интервьюларында Максим Бакиевди катуу мактап, ал жетектеген ЦАРИИ Кыргызстанды гүлдөтмөк деген оюн коомчулукка таңуулап келет. Өзүнүн кыргызтудэй.кг сайтынан Максимди жактаган макалаларды көбүрөөк чагылдырганын байкап жатабыз. Мындан улам: «Бегалы Молдогозуевич Максим Бакиевдин буйругун аткарып, Суваналиевдин кыймылына кошулганбы?» деген суроо жаралат. Ал эми мейман катары чакырылып, бирок, түпкүлүгүндө кыймылдын талаптарын колдогон Кабай Карабеков, Максат Кунакунов сыяктуулар убагында «Ак жол» партиясынан депутат болушкан. Сырдын түйүнү эми чечилип жатабы?

Кызыкдар алдыда. Кыймылдын ачылыш аземине катышкан меймандардын арасынан Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов өңдөнгөн Бакиевдин «шакирттерин» кездештирдик. Апрель окуясынан кийин аз убакытка Башкы прокурор боло калып, «Мегаком» чатагынан улам ээрден шыпырылган Кубатбек Байболов да кыймылдын идеяларын колдоочулардын бири. Кубатбек мырза өзү жана анын жубайы Нуржамал Байболова ар бир интервьюсунда: «Бүгүнкү бийликке салыштырмалуу Бакиевдин режими сонун болчу» деген пикирин ачык айткандан чарчаша элек. Бакиевдин кандуу заманын эңсеген Байболовдун Суваналиевдин кыймылынын этегине эрмешишинин себеби эми түшүнүктүү болгон чыгар?

Кыймылдын презентациясына мейман катары чакырылган Аликбек Жекшенкулов менен Кубанычбек Кадыров айтылуу «Кувакы», «Юпи» пландары ашкереленген соң аргасы кетип генералдын «үйүрүнө» кошулгандай. Аликбек мырзанын интервьюларына баам салсаңыз, анын да Бакиев заманын сагынып «көз жашы» кылганын байкайсыз. Бул жөн гана дал келүүчүлүк дейсизби? Жо-о-ок. Мунун себеби жогоруда жазгандай, жаңы кыймылдын Бакиевдердин камчысын чабарын дагы бир жолу ырастабайбы?

Өмүрбек мырза жаңы кыймылга жамынып, өзүнүн табигый жүзүн ача баштады. Коомчулукка дагы кандай сюрприздерди тартууларына баам салып туралы эми…

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru