Айбат » Тишине карап ышкырып, мурдуна карап чүчкүрбөгөн Бактыбек Рысалиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Тишине карап ышкырып, мурдуна карап чүчкүрбөгөн Бактыбек Рысалиев

фото РысяАйтаарга сөзү, кылаарга иши жок айрым ушакчы, саткын сасыктар коомчулукту жаздагы кенедей, кытайдан жаңы чыккан куш тумоосундай эле каптап жатат. Аларды кой-ай деп, колун кайрып, кокосун кысып койчу айрым адамдар тилекке каршы, тескерисинче тетири жолго үндөп, “Теңирди тээтиги жерден изде” деген кенешин берип келишет. Ошол айрым адамдарга акыл айтып, ашкере мактана калып, учурунда жалпы журналистердин артынан калбай “байкебайлар мени кызматтан алганы жатышат, эптеп колдоп мени колдогон колуңарды  өзүм даярдап келген баракка коюп бергиле” деп, думанадай ак урган кайсы бир мамлекеттик мекеменин басма сөз катчысы болуп иштеген Бактыбек Рысалиев жөнүндө жөө жомоктор өтө эле арбып барат. “Думанадан акыркы наныңды да аяба” деген лакапты бетке кармаган кыргыз журналистери минтип ак урган Бактыбек Рысалиевдин алакандай барагына кол коюп, адамкерчилик кылса, ал барагын көтөрүп алып ар кайсы редакциянын эшигин жыртып, “мени жалпы журналистика колдоп жатат, ошондуктан силер мени колдогон баракчаны гезит беттерине чыгарганга мажбурсуңар” маанисинде долуланганга өтөт. Ошондо кыргыз журналистикасынын айрым өкүлдөрү кечеки думананын ОБОНчу аялдарга окшоп долуланганын көрүп, “Бир карын майды бир кумалак чиритет деген чын окшойт. Мына ушуга окшогон “журналистиканын ОБОНчулары” жалпы жазмакерлердин кадырын түшүрүп жатат” дешип баардыгы жерге түкүрүшкөн. Анан калса Таластын жигиттери хандан-бектен кайра тартпаган, кылычтан өткүр, найзадан курч болушса, мына ушул Бактыбек Рысалиев деген Таластын ташынан айлангыр жигит жердештеринин намысын сындырып, кадырына көлөкө түшүрүп, жалгыз өзү бүтүндөй бир журтту кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып келет. Анткени бул кургур бал издеген аарыча ар кайсы гүлгө конуп, улам бир жакшынакай үй-бүлөсүн таштап, “ата” деген сөздүн тамтыракайын чыгарып, керек болсо канынан жаралган балдарын таштай качып жүргөнү эле бул эргулдун ким экендигин тастыктап тургандай. Бул кургурдун калптарына ишенген бир канча кыз-келин азыр боздоп каргаса каргышы, сөксө сөзү өтпөй турган мезгил.

Айтмакчы, ушундан улам бир окуя эске түшөт. Таласка бараткан таксиге отурат. Моюнунда кыкынган галстук. Ара жолдон айдоочу токтоп сыртка чыгып кетээри менен жанындагы жүргүнчүлөргө “мен таксистин агасымын акчаңарды төлөп койгула” дейт. Карапайым жүргүнчүлөр ага жол кирени беришет. Так таласка жеткенде эч нерсе билбеген киши болуп машинеден түшүп кетет. Кийин жүргүнчүлөр түшүп жатканда жол кире сураган таксистке беркилер таңдана карап, “ой, жанагы агаңа бербедикпи” десе айдоочу да алдастай “ал менин агам эмес, силерге окшогон эле клиент болчу” дегенде бекилер уялганынан жол кирелерин экинчи ирээт төлөшөт. Ага чейин ара жолдо өзүн ал кездеги КООРТ теле каналынын вице-президенти катары таанытып келгенин эстешкен сапарлаштары кийин борбордогу КООРТ каналына келишип,  анын директору Темирбек Токтогазиевге кирип “Сиздин вицеңиз бизди каратып туруп алдап кетти. Акчабызды кайтарып берсин, болбосо сотко кайрылабыз” дегенде “Бир эл, бир журтпуз, акчаңарды кайтартып берейин. Ал менин орун басарым эмес, жөн гана катардагы кабарчы”-деп, өз кызматкеринин мындай жапайы кылыгы үчүн келгендерден кечирим сурап, Бактыбек Рысалиевди катуу уяткарган. “Уялбагандан өзүң уял” деген дал мына ушул болот. Ал эми КООРТто “вице-преидент болуп,” чала сабат матриалдарды даярдап жүргөнүн эстеген мурунку кесиптештери мыйыгынан жылмайып керек болсо эң жөнөкөй маалыматтарды орус тилинен кыргызчага которо албай ар кайсы эшикти сүзгүлөп, ар кимден сурап  жүргонүн айтышат.

Макала башында айтылгандай алгач думаналыгы күчөп, арты долуланган жагынан алдына киши салбаган Бактыбек Рысалиевдин барган жери чуу, ал кызматтан кеткени да дуу. Маселен 2001-жылы Мамлекеттик Каттоо Кызматынын басма сөз катчылыгына барып алгач эле жетекчилери менен тен ата, анан калса жумушка бирде келсе бирде келбей, анысы аз келгенсип өзү отурганга мамык кресло, кенен иш бөлмө тандай баштайт. Кызматтык этиканы эле эмес мамлекеттик кызматтагы өзүнүн функционалдык милдетин так аткарбаган мындай адисти айдап жолго салышат. Айыпты өзүнөн эмес, өзгөдөн издеген “Остап Бендер” түз эле документтерин чогултуп сотко жөнөйт. Чубактын чуусундай чубалган сот акыры өз вердиктин чыгарып сөгүш менен жумушунан куулат. Амалдуудан амал качып кутулбагандай эле эптеп эбин таап Жогорку Соттун басма сөз катчылыгына илээшет. Ал жерде да жөн иштебей өз милдетин унутуп түз эле сот, укук нормалары боюнча “эксперт” болуп чыга келет. Телеге көп чыгып, гезит бетине ар маалыматтын башын чулгаганына корстон болгон Рысалиев мырзанын жылдыз оорусу кайрадан күчөп, айрым учурларды сот иштерине аралаша баштаганын билген жетекчилик мурдагы иштеген жериндеги эмгек китепчесин сураса аны бербей качып жүрүп арадан бир топ убакыт өткөрөт. Ошентип кыңыр иш кырк жылда болуп, мурдагы чуулары четинен чубалып отуруп, ал жерден да кызматтан шыпырылат. Бактыбек мырзанын ашынган акылдуусубу, же мээсинин жеткен чеги ошолбу Жогорку Сотун чечимин райондук сотко берет!? Түшүнгөн кишиге мындан өткөн тагдырдын тамашасы болбосо керек. Ал эми азыр болсо эки колун чөнтөккө салып, көчөө таптап ышкырып жүргөнү менен иши жок ар бир гезитке чыккан макаланын автору, же ошонун көрсөтмөсү менен жазылган материал болуп, эки кишинин башы кошулган жерде бажактай сүйлөп мактанып жүрөт. Мындай  адамга “бали” дегенден башка арга жок.

Булак: Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru