Айбат » Мындай оппозицияны ким колдойт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мындай оппозицияны ким колдойт?

Шахмат18-сентябрда жаңыдан түзүлгөн “Кыршылык көрсөтүү кыймылы”(ККК) бийликти сындап чыкты. Аталган кыймылды Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуевдер уюштурган. 

Учурда бийликтин элдешкис каршылашына айланган экс-чиновник Ө.Суваналиевдин өткөн жолуна саресеп салып көрөлү. Ал 2007-жылы “Элдик фронттун” штабын жетектеп Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан. Алар баштап чыккан элди бакиевдик бийлик кууп таратканы маалым. Көп өтпөй Өмүкең ошол эле бийликтин колтугуна кире качкан. Ал алгач президенттик администрациянын бир бөлүмүн жетектеп, кийинчерээк Закиржандын (К.Бакиев) буйругу менен Нарын облусуна губернатор болуп бекиген.

Апрель окуяларынан кийин Ө.Суваналиев “Ата Журт”, “Содружество” жана “Ар-Намыс” партияларына мүчө болгон. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо ал жетектеген “Содружество” партиясы 1 пайыздын тегерегинде добуш алса, президенттикке өзүн коюп шайлоочулардын 0,8 пайыз колдоосуна татыган. Ал эми өткөн жылы “Ар-Намысты” бишкектиктер колдоорун алдын ала туюп, шаар мэри болуу кыялы менен шайлоого катышкан. Тилекке каршы, борбор калаанын тургундары бул жолу “Ар-Намысты” колдогон жок. Ошентип, 100 миңдеген шайлоочусу бар борбор калаанын 5 миң тургуну добуш берген.

Ал эми “Ак жолчу” Б.Наргозуев учак менен эл ташыган компанияны жетектеген “базарком” экени белгилүү. Ал “экс-ханзаада” Максим Бакиев менен “Эсен-Эйр” компаниясын түзүп, Бакиевдин заманында өз бизнесин укмуш гүлдөткөн адам. Б.Наргозуев мурдагы бийликке жагынуу үчүн оппозициялык “Агым” гезитин салып алып,  басылманы бийликтин чоорун черттирген “азамат” катары белгилүү. Мындай эмгеги үчүн “Ак жолдун” тизмеси менен депутат да болгон. Б.Наргозуев 2009-жылы өз алдынча маалымат сайтын ачканы белгилүү. Учурда дал ошол сайты аркылуу бийликти далилсиз сындап келет.

Азыркы оппозициянын идеологиясы өтө төмөн жана элди ынандыра турган эч нерсеси жок экени көрүнүп турат. Алардын бетине карманганы эле СДПК жана президент бийликти узурпациялап алды дешет. Бирок, тарых үчүн акыйкат сөздү айтып коюшубуз керек. Азыркы бийликтин тушунда энергияга, сууга, жылуулукка  болгон баа эки-үч эсеге көтөрүлгөн жок, телефонду “алло” дегениңде 60 тыйының бирөөнүн чөнтөгүнө түшпөйт, сен тааныбаган эле бирөө мүлкүңдү тартып албайт, өлкөнү Максимдин досторуна окшогон шылуундар башкарбайт.

КККны колдоп, алардын жыйынына катышкандарга көз салсаң төбө чачың тик турат. Баары эле кызматсыз калган экс-чиновниктер же бийликтен “устукан” сураган депутаттар. Алардын катарында: Кубатбек Байболов, Бектур Асанов, Аликбек Джекшенкулов, Куванычбек Кадыров, Максат Кунакунов, Кабай Карабеков, Равшан Жеенбеков, Ахматбек Келдибеков ж.б. бар.

Канткен күндө да бул оппозиция көздөгөн максатына жете албашы белгилүү. Анткени, жогорудагы “азаматтардын” амбициясы аттын башындай. Баары эле президент же өкмөт башчысы болом дейт. Бирок, мындай орун чектелүү.

Ошентсе да мындай оппозицияны эл колдойт дегенге ишенүү кыйын. Анткени, бийлик деле ушул кезге чейин калктын каарына кала турган катачылыкка жол бербей келет.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru