Айбат » Жеке мамилесин саясатташтырган Суваналиев кайсы заманда жашап жатканын билбейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жеке мамилесин саясатташтырган Суваналиев кайсы заманда жашап жатканын билбейби?

Суваналиев ӨмүрбекӨмүрбек Суваналиев өзү жетектеген «Каршылык көрсөтүү кыймылы» («ККК») аталыштагы кыймылдын бет ачар аземин 17-сентябрда «Ак-кеме» мейманканасында өткөрдү. Анда ал президент Алмазбек Атамбаев бийликти узурпациялап алды деп айыптады. Көзкарандысыз эксперттер генералдын мындай билдирүүсүн бир кездеги жеке таарынычына карата өч алуу аракети катары баалашууда. Чындыгында Өмүрбек Исаакович президент бийликти бир колуна топтоп алды деп күпүлдөгөнү менен, тирүү мисалдарды келтире алган жок. Ал эми биз бул макалабызда анын койгон дооматтары негизсиз экендигин аргументтерге таянып баяндайбыз.

«Президент бийликти узурпациялап, кыргызча айтканда, бир колуна мыкчып алды» деген айыптоосунан баштайлы. Бийлик бир адамдын колуна топтолушу үчүн анын үй-бүлөсү бүтүндөй мамлекетти башкарышы керек. Мисалы, туңгуч президент Аскар Акаевдин уул-кыздары Бермет менен Айдар депутат болсо, канайым Майрам Акаева кадрдык маселелерди чечип калганы маалым болгон. Ал эми Курманбек Бакиевдин тушунда Максим Бакиев өлкөнүн экономикалык блогун тейлесе, иниси Жаныш күч структурасын, дагы бир иниси Акмат Жалал-Абад облусун көшөгө артынан башкарганын билебиз. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин жакын туугандары майлуу-сүттүү кызматтарды аркалаган фактылар барбы? Жок. Бул биринчи аргумент.

Экинчиден, 2010-жылдын июнунан бери башкаруунун парламенттик формасына өттүк. Ошол эле жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Жогорку Кеңештин босогосун беш фракция аттады. Башмыйзамга ылайык, парламентте көпчүлүктү ээлеген, тактап айтканда, 120 депутаттын жарымынан көбүн түзгөн фракция коалицияны курашы керек. Ал эми бүгүнкү парламентте 60дан ашуун депутаты бар фракция жок. Мындан улам, «Ата мекен», «Ар-намыс» жана КСДПнын катышуусунда жармакташкан өкмөт иштөөдө. Өкмөт курамын карайлы: «Ата мекендин» төрт өкүлү төрт министрликти (1-вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Транспорт министри Калыкбек Султанов) ээлесе, вице-премьерлер Токон Мамытов жана Камила Талиева, финансы министри Ольга Лаврова жана Айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев «Ар-намыстын» атынан өкмөт курамына киришкен. Мындан сырткары, «Өнүгүү» кыймылынын лидери Бакыт Төрөбаевдин көздөй кадры Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөдө. Мындай мисалдарды санай берсек толтура. Көрүнүп тургандай, өкмөттөгү министрлердин дээрлик 70%ы бөлөк фракциянын өкүлдөрү, Атамбаев түптөгөн КСДПнын атынан министрлик кызматка отургандар 30%га жетпейт. Бул президенттин өкмөттү көзөмөлдөгөнгө реалдуу шансы жоктугун ырастайт. Анда Суваналиев кайдагы узурпация тууралуу сөз кылып жатат?

№1 темага айланган «Кумтөр» маселеси парламентте кызуу талкууланып жаткан кези. Депутаттардын тапшырмасынын негизинде өкмөт атайын комиссия түзүп, канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгы жакынкы мезгилде парламент жыйынында талкууга салынат. Эгер Суваналиев кан какшагандай бийлик бир адамдын колунда болгондо ушундай талылуу маселелер ачык айкын талкууланат беле? Аны президент өзү жалгыз эле чечип коймок. Демек, бул дагы Өмүрбек мырзанын эмоцияга жетеленип, президентке курулай доомат артып, каралап жатканын далилдейт.

 Эми Башмыйзамда көрсөтүлгөн бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарга учкай токтололу. Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары чектелген, образдуу айтканда, колу-буту байланып калган. Жөнөкөй эле мисал. Президент Башкы прокурорду дайындаш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун алышы абзел. Ошондой эле Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштай алат, бирок, дайындоо укугуна ээ эмес. Мындан сырткары. премьер-министр менен макулдашып Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилигинин башчыларын дайындайт. Кайсы жагынан алып карабагын, президент өкмөт башчысы менен Жогорку Кеңештен көзкаранды. Ошон үчүн, бейөкмөтчү Токтайым Үмөталиева «КККнын» бет ачар аземинде: «Орой тийсе кечирип койгула, президент бийликти узурпацияламак түгүл, колунан пок келбейт. Өзүңөр карагыла, Башкы прокурор «Ата мекен» партиясынын өкүлү. Өкмөттөгү бир катар министрликтер «Атамекендин» мүчөлөрү болот. Конституциялык палатанын курамын карагыла, көпчүлүгү «ата мекенчилер». Анан кантип Атамбаев бийликти узурпациялап алды дейбиз?» деп агынан жарылып жатпайбы!

Бүгүнкү реалдуу жашоо Суваналиевдин айыптоосун четке кагып, президенттин бийликти колуна чеңгелдеп албаганын көрсөтөт. Өмүрбек мырзанын президентке болгон жеке таарынычынан улам минтип кыймыл түптөп, бийликке каршы «согуш» ачканы айтпасак деле түшүнүктүү. Бирок, убагында президенттикке талапкерлигин коюп, журт башкарам деген адамдын Ош базарындагы бакырчаак эжекелерче бийликти каралап, жеке мамилесин мамлекеттик масштабга көтөрүп чыкканы логикага сыйбайт. Бул Суваналиевдин республикалык масштабдагы саясатчы катары бышып жетилбегендигин, жеке таарынычтын тузагынан чыга албай жүргөнүнөн кабар берет. Ушундай сапаттагы адамдын бийликке каршы аракетинен майнап чыгары, аны карапайым калк колдобосу аштан бышык эмеспи…

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru