Айбат » Евросоюз акча берип атса, Кыргызстан эмне үчүн албашы керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Евросоюз акча берип атса, Кыргызстан эмне үчүн албашы керек?

Евро Союз валютаЕвросоюз Кыргызстандагы макроэкономикалык реформа үчүн 30 млн евро, сот системасын реформалоо үчүн 13,5 млн евро бермей болду. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон иш сапарынын учурунда белгилүү болду.

Бизге, кыргыздарга, эч нерсе жакпайт. Бул акчалар берилери белгилүү болору менен президентти акча сурап жүрөт деп сындап чыккандар болду.

Сапардын жүрүшүнө толук көз салып, чогуу жүргөндөр деле тактап бере алат, президент ал жерде Евросоюздан акча сураган жок,өздөрү берип атса эмнеге албай коюш керек? Сапардын жыйынтыгы боюнча журналисттерге маалымат берип жатып, бул ойду президентөзү дагы айтты.

«Чынын айтканда, мен Евросоюздун институттарынан акча сураган жокмун, бирок алар өздөрү бизге жардам берерин айтышты. Мен аларга бизге азыр алардын акчасынын кереги жок экенин, анткени,өлкөбүздө бюджет мурдагыдан башка экенин айттым. Бирок, берип атса, бул учурдан пайдалана беришибиз керек, баары бир бизге акча керек болот, анткени, биз эми өнүгүп келатабыз. Биз бутубузга турабыз», – деди Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, өз кезегинде Евросоюз Грузияныөнүктүрүү үчүн дагы 700 млн евро берген. Евросоюздун институттары Кыргызстан үчүн финансылык жардам мындан ары дагы көбөйө турганын айтышты. Евросоюз Кыргызстанда болуп аткан процесстерге көз салып отуруп, кыйынчылыктарга карабай демократиялык өнүгүү жолун тандап алды деп Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөш катары бизди тандап отурат, дейт Атамбаев.

Жөн эле сындай бербей, жакшыны жакшы деш керек. Кыргызстандагы өнүгүүлөргө Евросоюз оң баа берип атканы бизүчүн чоң иш.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru