Айбат » Атамбаевдин кадыры күн санап өсүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Атамбаевдин кадыры күн санап өсүүдө

Атамбаев ШОС

Акыркы учурда Россия менен болгон мамилебиз жакшырып баратканы маалым. Буга Орусиянын 500 млн долларга жакын карызыбызды кечкени, «Камбарата-1» ГЭСинин, Жогорку Нарын каскаддарына төрт ГЭСтин курулуп башташынын, дагы бир катар ири долбоорлордун ишке ашып атканы далил. Буга чейин дагы бир катар серепчилер мындай ири долбоорлордун ишке ашып, кыргыз-орус мамилелеринин бекемделишинде президент Алмазбек Атамбаевдин жеке салымы экенин айтып келишкен.

Орус президенти Владимир Путиндин Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата жазган куттуктоо-телеграммасы да буга далил болуп тургансыйт. «Орусияда сизди эки өлкөнүн ортосундагы достуктун бекемделишинин тарапкери катары билишет. Сиздин жеке аракеттериңиз менен эки тараптуу кызматташтык жакшырып, ири масштабдуу биргелешкен долбоорлор ишке ашууда. Биздин ортобузда түзүлгөн ишенимдүү мамилени сыйлайм» деп жазылат куттуктоодо. Бул сөздөрдөн дүйнөлүк коомчулук алдында Алмазбек Атамбаевдин кадыры бир топ өсүп атканын байкоого болот.

Айбат гезити №46



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru