Айбат » Кумтөр… тобокелчилик акыркы кадам

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кумтөр… тобокелчилик акыркы кадам

кумторӨкмөт менен “Центерра” компаниясынын татаал сүйлөшүүлөрүнөн кийин кен иштетүүдө бир келишимге келгендей. Бирок, мындан ары “Кумтөр” маселесин чечүүдө бизде эки вариант бар. Мунун эң оптималдуусу биргелешип ишкана түзүү менен анын 50 пайызына ээ болуу. 

Экинчи варинатка токтоло турган болсок, бул – улутташтыруу. Расмий Бишкек бул вариантты акыркы кадам катары сактап тургандай. Анткени, өкмөт – мындай жол менен кетүү өлкө үчүн тобокелчиликке баруу экенин түшүнүп турат.

Ал эми айрым саясий топтор “Кумтөр” маселеси аркылуу өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашуу менен алек. Жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу инвесторлорду чочута турган билдирүүлөр менен чыгып, карапайым элдин башын айлантууда.

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттеги комитет жыйында улутташтыруу өлкө үчүн чоң тобокелчиликке баруу экенин айтты. Анын айтымында, Кыргызстан “Кумтөр” кенин улутташтыруу үчүн 3 млрд. доллардык каражатты тобокелчиликке салат. “Кенди улутташтуу үчүн миллиондогон каражаттар менен адвокаттарды жалдаш керек. Ал эми бул маселе карала баштаганда алтын өндүрүү токтотулат. Анда иштеген 3 миң кызматкер, 708 компания жумушсуз калат. Бюджетке 6 млрд. сомдон ашуун каражат келбей калат. Мындай каражатты кайдан табабыз?” деди ал.

Ал эми тоо-кен тармагындагы профсоюз кыймылынын лидери Эльдар Тажибаев кенди улутташтыруу алтын өндүрүү ишин токтотуп, өлкө бюджетине терс таасирин тийгизет деген ойдо. Ошондой эле ал “мамлекет кенди өз алдынча иштетип кетүүгө азырынча кудурети жетпейт” деген пикирде. “Өндүрүштүн токтошу же алтын казып алуунун солгундашы өлкө экономикасына зыянын тийгизет. “Кумтөр” өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн (ИДӨ) 10 пайызын түзөөрүн унутпашыбыз керек” дейт Э.Тажибаев.

“Кумтор Оперейтинг Компани” алтын өндүргөн ишканасы бул- өлкөнүн экономикасына эң ири пайда алып келген тармак. Ал жыл сайын мамлекеттин казынасына 6 млрд. сом салык төлөйт. Бул сан өлкө бюджетинин 6 пайызын түзөт.

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин сүйлөшүүлөрдү саясатташтыруу оппозиция үчүн гана ыңгайлуу экенин айткан. Ал белгилегендей кенди улутташтыруу мүмкүн эмес. “Эгер Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү 50 пайыз болсо, анда тарыхый чындыкты калыбына келтирген болобуз. Бул кимге жагат кимге жакпайт ага маани бербеш керек. Канткен күндө да биз бул үчүн күрөшөбүз. Ал эми экология деп кыйкырып жүргөндөр өз чөнтөктөрүн толтуруп, кайра ошол акча менен бийликке жетүү аракетин көрүп келет. Бирок, алардын аракети ишке ашпайт. Биз элге чындыкты алып чыгабыз” дейт президент.

Айбат гезити №46




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru