Айбат » Токмокто ачкачылык жарыялагандар акциясын токтотту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Токмокто ачкачылык жарыялагандар акциясын токтотту

Жениш МолдокматовТокмокто жети күндөн бери ачкачылык жарыялап отурган беш жигит кечээ Жогорку Кеңеш депутаты Дамира Ниязалиева барып алар менен жолуккандан соң нааразылык акциясын токтотту. Бул тууралуу “Кыргызстан жаштар кеңеши” уюмунан кабарлашты.
Дамира Ниязалиева Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүнө спикердин фондунан 100 миң сом акчалай жардам алып барган. Каражат маркумдун апасына берилди. Алар берген маалыматка караганда 23-сентябрь күнү акция катышуучулары парламенттин спикери жана саламаттыкты сактоо министри менен жолугушу макулдашылган. Ачкачылыкка чыккандардын койгон талаптары мыйзамдын негизинде каралышы керек.
Эске сала кетсек,16-сентябрь күнү ачкачылыкты баштагандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышкан. Бардыгы “Кыргызстан жаштар кеңеши” уюмунун мүчөлөрү. Алар ачкачылыкты маркумдун үйүндө өткөрүшүп, Султановдун жакындарына бир миллион сом жана Бишкектен батир берүүнү сурап жаткан болчу.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru