Айбат » Автандил, ырчы: “Кыргыз экенибизди даңазалагым келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Автандил, ырчы: “Кыргыз экенибизди даңазалагым келет”

Автандиль

«Ишенчи», «Ак куулар», «Издеп жүрөм», «Өмүр желеси» деген ырлары менен таанылып, чыгармачылыкка билек түрө киришкен Автандил деген ырчы жигитибиз бар.  «Чарчадым чындык көрүп чыркыраган, чаң басып тээ түпкүрүн жүрөгүмдүн» деп сыздаган, ырлары менен гана эмес, стили менен да өзгөчөлөнүп турган  ырчынын  дүйнөсүнө сүңгүп кирдик.

 БАЛАЛЫГЫМ ЭСТЕП САГЫНАМ…

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылы менин киндик каным тамган жер. Балагым, окуучулук күндөр, алгачкы сүйүү, дегеле  эсте кала турган сонун көз ирмемдер ошол жакта калган. Үй-бүлөдө үч кыз, сегиз эркекпиз, мен онунчусумун. Кичинекейимде шок, бирөөнү шылдыңдап, тийишип, айтор, жөн турбаган бала элем. Кээде өзүмдү-өзүм башкара албай кетчүмүн. 9-классты бүткөндөн кийин борборго келип, М.Күреенкев атындагы музыкалык окуу-жайына тапшырып, окуп калдым.

Элди ыйманга чакыра турган ырларды жаратам…

Музыка мен үчүн хобби катары эле. Талант болгондон кийин, катып албай, элге көргөзүш керек.  Көргөзөт десе эле, жеңил-желпи нерселерди ырдап эмес, колуман келишинче эл күткөн, эл эңсеген, негизгиси элди ыйманга, жакшы нерсеге чакыра турган ырларды жараткым келет.

Кийимдеримди өзүм эле тигип алам…

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей, жөндөмдүү жигитмин. Көп нерсени бат кабыл алып, ылдам эле үйрөнүп кетем. Мисалы кийимдеримдин анча-мынча жерлерин өзүм эле тигип алам, бу да болсо өнөр болуш керек, андан тышкары кичинемден эле күрөш менен машыгып, өзүмдү-өзүм коргойм. Музыкалык аспаптардан болсо гитарада, комузда  ойноп, чоорду да кыңылдата алам. Адам бир нерсени үйрөнүп кетүүсү үчүн ага кызыгуу гана керек.

Досторуман ичпегеним менен айырмаланам…

Өзүм кээ бир адамдардан жөнөкөйлүгүм менен айырмаланам. Баардык адамдар менен жакшылыкты жана сыйды гана талашкым келет. Негизи эле тамашакөймүн, ал эми досторуман ичпегеним жана чекпегеним менен айырмаланам.

Өзүм суранып роль жаратмакмын…

Кыргыз кинолорун такыр көрбөйм, мурун жаңы чыккандарын көрчүмүн. Азыр болсо болсо негедир супсак тартылгандай сезиле берет. Кинодо роль жараткым келет, бирок азыркы эмес, илгеркидей, эски кинолордой кино тартылса, кыргыз экенибизди даңазалай турган кино болсо, өзүм эле суранып роль жаратмакмын.

Чыңгыз атабыз кыйын болгон…

Ырларымдын сөзү, обону өзүмдүкү, ошон үчүн көптөгөн китептерди окуйм. Акыркы жолу Чыңгызхан тууралуу китеп окугам, андан тышкары орусча китептерди, Омар Хайямдын китептерин көп окуйм. Чыңгыз атабыздын китептерин окуганда кадимкидей эс алып калам, Айтматовду кумир тутуп, ушул инсандын деңгээлине жетпесем да, жарымына жеткенге аракет кылам. Акындардан Элмирбек Иманалиевдин ырлары жагат, анын чыгармалары кадимкидей терең, сөздөрү жеткиликтүү, кайрыктары келечекке кала тургандай. Ушул агамдын ырларындай келечекте ырдалып, муундан-муунга кала турган  чыгармаларды жаратсам дейм.

Элден болбосо да, кудайдан корккулачы…

Биздин саясатчылардын баардыгына элден болбосо да, кудайдан корккулачы деп айтаар элем. Мен тиги же бу саясатчыны баалайм деп айтпайм, анткени анын бир кылыгы эртең эле чыгып калат. Ошондуктан өздөрү үчүн деле ак иштеп, элге кызмат кылса кудайга да жакмак. Ойлонуп, кичине кыргыз эли үчүн бир жакшы иш кылышса болмок.

Жашоонун кызыгы – ата-эненин ишеничи…

Жашоонун кызыгы мен үчүн көчөдө басып, пиво үчүп, ар кайсы кыздар менен сүйлөшүү эмес. Жашоого жараткан ата-эне бала чоңойгон сайын андан үмүттөнөт, үмүттөнөт десе акча же башка нерсе эмес, балам элге кызмат кылса, өзүн түшүнгөн жары менен бактылуу болсо деп тилешет. Биз алардын ишеничин актап, урматташыбыз керек. Он баланы ата-эне багат,а он бала биригип ата-энени бага албайт деген сөзгө ынанам. Жашоодогу негизги максатым – элге кызмат кылып, жакшы жагымды көргөзгүм, элди жакшы нерселерге үгүттөгүм келет. Жашоонун кызыгы ден соолугуң болсо, жаныңда сени түшүнгөн жарың, ээрчиткен балдарың болсо, ошол жашоонун кызыгы болуш керек. Ал эми калган нерсени  өзүң таап алсаң болот, жата берген жалкоо адам жаратканга да жакпайт.

Убактым бекерге кеткенине өкүнөм…

Убактымды убагында бекер кетиргеним үчүн өкүнөм. Керек болсо бир канча жылдарды жөн гана кетирип жибериптирмин. Ата-энемди, бир туугандарымды да кээде капа кылып алгыныма өкүнөм.

Менин сүйүүм биринчи класста эле башталган…

Эң биринчи сезим биринчи класста эле классташ кызыма арналган. Окууга сабак окуганы эмес, ошол кызды көрүш үчүн келчүмүн. Үчүнчү класста ошол кызды бетинен өөп, качып кетип, ыйлаткам. Андан кийин сүйүү жок дегендерди угуп, негедир сүйүүгө деле көңүл бурган эмесмин. Мен аялымды гана сүйүшүм мүмкүн, анткени ал сени түшүнүп, аны менен жашооң жакшы болуп, маңдайыңда отурса, сага бала төрөп, багып берип атса, аялымды сүйбөгөндө, кимди сүйөм. Сүйүү – коркунучтуу, сүйүү – татаал, сүйүү – такыр башка нерсе. Башкаларга албетте сүйүүнү каалайм.

 

Нурдана БЕГИМ

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru