Айбат » Акжолтой Базаров: “Карапайым эл үчүн юридикалык кеңештер абдан зарыл”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акжолтой Базаров: “Карапайым эл үчүн юридикалык кеңештер абдан зарыл”

Акжолтой Базаров Укук жана бизнести өнүктүрүү фондунун Жергиликтүү ачыктуулук жана кызматташуунун демилгеси» долбоорунун консультанты.

Акжолтой БазаровУкук жана бизнести өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азиядагы Евразия Фонду тарабынан «Жергиликтүү ачыктуулук жана кзыматташуунун демилгеси» долбооруy USAIDдин каржылоосу  аркылуу иш жүзүнө ашып жатат.  Бул долбоор республикабыздын Нарын жана Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында жергиликтүү элге муниципалдык жана мамлекеттик кызматтар, алардын сапаты, муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууда чыккан түшүнбөстүктөргө байланыштуу көйгөйлөр боюнча ооз эки, кат түрүндөгү юридикалык консультацияларды, соттон тышкаркы кызыкчылыктарды коргоо кызматтарын, топтук кещештерди жана семинар-тренигдерди көрсөтүлүп келүүдө. Долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш чаралар боюнча маек.

 Акжолтой мырза,  долбоор жүрүп жатканына бир жылга жакын убакыт толду. Долбоор боюнча кандай бир жыйынтыктар чыга баштадыбы?

Сиз белгилеп кеткендей,  долбоор иштеп жатканына бир жылга жакын убакыт болду.  Долбоордун алкагында Кочкор районунун тургундарына муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө чыккан укуктук көйгөйлөр боюнча укуктук жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Көбүнчө кайрылган жарандар ооз эки  юридикалык кещештерди алууну каалагандыктан, көбүнчө ооз эки укуктук кещештерди берип жатабыз. Долбоордун алкагында айыл тургундарынын айылдарындагы көйгөйлөр боюнча коомдук угууларды уюштуруп өткөрүүдөбүз.

– Коомдук угуу деп айтып калдыщыз. Коомдук угуу жөнүндө кенен айтып өтсөщүз?

Коомдук угуу бул бардык кызыккан тараптардын катышуусунда бир көйгөйдү ортого салып талкулап,  ал көйгөйдү чечүү жолдорун издеп келебиз. . Коомдук угуу жөнөкөй жарандан баштап, айылдык кещештин депутаты, айыл өкмөтү жана башка мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуучу кызмат адамдарынын катышуусунда өткөрүлөт. Мындай учурда жөнөкөй тургун оорчунду көйгөй боюнча тийиштүү суроолорун мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же болбосо жергиликтүү кещештин депутаттарына берүүгө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Коомдук угуунун катышуучулары бири-бири менен ой-пикирлерин алмашып, бир негиздүү чечим кабыл алалышат.

Коомдук угууда кандай көйгөйлөр көбүнчө кездешип жатат?

Коомдук угууда көбүнчө турак жайларды курууга жер участкаларын алуу, ичүүчү суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу, электр энергия, жайыттардын чектерин белгилөө, жайыттарды пайдалангандык үчүн акыларды өндүрүү көйгөйлөрү көп кездешип жатат.

Коомдук угуу боюнча сиздер тараптан кандай бир конкреттүү жардамдар көрсөтүлөт жана ал жардамдар акысызбы?

–  Коомдук угуунун жыйынтыктары боюнча биз тараптан акысыз түрдө ошол коомдук угууда көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча укуктук кещештерди беребиз. Көйгөйлөрдү чечилиши үчүн зарыл болгон кайрылууларды, арыз, даттанууларды даярдап, иштеп чыгабыз. Башкача айтканда, коомдук угууда көтөрүлгөн айылдын көйгөйлөрү чечилиши үчүн бардык керектүү мыйзамда каралган  көмөктөрдү көрсөтөбүз. Мындайча айтканда карапайым эл үчүн юридикалык кеңештер абдан зарыл болуп турат, ага өз салымыбызды кошконго аракет жасоодобуз.

Жаргылбек Бердибеков

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru