Айбат » Дүйнө жылдызы Жеки Чан каза тапты…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Дүйнө жылдызы Жеки Чан каза тапты…

Джеки ЧанБатыш мамлекеттеринин басмаларында легендарлуу актёр Жеки Чандын каза болгондугу тууралуу маалымат желдей тарады. Алардын берген маалыматы боюнча Жеки Чан шейшембиге караган түнү Лос-Анжелестеги ооруканалардын биринде жүрөгүнөн приступ берип көз жумган. Лос-Анжелеске актер “Кунг-фу Панда-2” мультфильминдеги бир каарманга үн коштоо үчүн келген. Ал жактагы жергиликтүү доктурлардын айтымында актер көп иш-чарага катышкандыктан анын жүрөгү көтөрө албай коюптур. Муну уккан таанымалдар биринин артынан бири Жеки Чандын үй-бүлөөсүнө көңүл айтышты. Эң алгачкылардан болуп Американын президенти Барак Обама да анын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшкөнгө жетишкен. Бирок, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон Жеки Чан өлбөй эле тирүү экен. Жада калса жакында Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам катары уюштурулган кайрымдуулук концертине катуу даярданып жатыптыр. Актер өзүнүн каза болгондугу тууралуу бул биринчи гана маалымат эмес экендигин, буга чейин да мындай тескери маалыматтардын кеткендиги тууралуу айтты.

Легендарлуу Жеки

Жеки Чан чыныгы актерлук таланты менен көп ийгиликтерге жетишкен. Ал каскадер, актер, продюсер, бий жана трюктарды аткаруу боюнча коюуучу, опералык ырчы, сценарист жана башка кесиптердин ээси. Мындай ийгиликтерге актер талыкпаган эмгектин, бир нерсени тез ойлоп тапкан фантазиясынын артында жеткен. Актер дайыма “адам өлгөндөн кийин аты гана калат. Балким мен көз жумганда эл арасында “биринчи Брюс Ли, анан Жеки Чан болгон” деген узун сөздөр айтылаар” деп көп айтат. Ошондуктан өз кызыкчылыгын гана ойлобостон балдар жана карылар үйүнө ар убак жардам берет.

Бала кезде толук болуптур

Жеки абдан эле кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Жада калса атасы аны төрөт үйүнөн акчасы жок алып чыга албай, акушерге Жекини эле алып калгылачы деп өтүнгөн. Кийин атасынын бир аз тапкан акчасы Жекинин окуусуна кетчү. Бала кезинде Жеки толук болгондуктан бирге окугандар арасына кошпой, “Ядро” деп аташчу. Ал мектепте бир жыл араң билим алган. Кийин атасына жакшы жумуш сунушталып Австралияга кетип,  Жекини Гонконгдогу опералык мектепке киргизип коет. Ал жерден Жеки ырга, бийге, акробатикага, актерлук чеберчиликке, өзүн алып жүрүүгө үйрөнүп, спорттун түрлөрү менен машыга баштайт.

Алгачкы ролун 8 жашында жараткан

8 жашында роль ойноп 12 доллар гонорар алган. Опералык мектеп Жекини каскадерлук окууга өтүүгө өбөлгө түзгөн. Алгач балдар үчүн тасмаларга тартылса, кийин каскадер катары чоң фильмдерге түшө баштайт. Ошондон улам опералык мектепти таштап, биротоло кино жаатына кетет. Адегенде 1962-жылы Shaw Brothers студиясына каскадер болуп ишке орношот. Ошол жылы өзүнүн чоң тасмадагы биринчи ролун алат. Бирок, ал “Мастер с Взломанными пальцами” фильми ийгилик деле алып келген эмес. Кийин Брюс Ли менен бирге “Кулак Ярости” тасмасына каскадер катары тартылат. Ушул эмгегинен кийин Жеки Чан белгилүү каскадер катары таанылган. Жеки узак убакка Брюс линин фильмдерине катышып жүрдү. Аны “Брюс Линин мыкты карааны” деп аташчу. 1974-жылы актер катары биринчи ирет Жон Вунун “Маленький тигр Гуандуна” фильмине тартылган. Аз болсо да киндо чеберчилигин көрсөтүп келаткан актер Австралияга ата-энесине барууну көздөйт. Анын эң башкы тилеги англис тилин үйрөнүү эле. Акча таап, тил үйрөнөм деп ал ресторандарда идиш жууп, кези келгенде курулуш иштеринде да эмгектенген, Гонконгго келгенде Ло Вей аттуу режиссер менен келишим түзүп, Жеки анын компаниясынын жетекчиси болуп иштеп калат. Көп убакыт өтпөй актер андан кетип башка режиссерлор менен иштешет. Өзүнүн жеке стили кун – фуну алып чыгат. Ошондо “Змея в тени орла” жана “Пьяный мастер” фильмдерине тартылат. Ал эң чоң кино компания “Голден Харвест” менен келишим түзүп иштей баштаганда Гонконгдогу эң жогорку сумма төлөнө турчу актер болгон. Ошол кезден тарта Жеки фильмдин сценарийлерин өзү жазып, режиссер болуп тасмаларын тартып, аларга музыка жаза баштаган. Кинолорду тарта баштаганда Жеки Тайвандга чейин барып, ал жакта бир нече кинолорду жараткан. Алардын арасында “Повелитель дракона” тасмасы менен рекорд коюп, Гиннес китебине кирген. Кийин Америкага барып, ал жактан да кичинекей эпизоддук роль болсо да киного тартылууга жетишкен.

Жекинин үйлөнгөнүн уккан фонаттары асынып өлгөн

Бир топ жыл ар кайсы өлкөлөрдү кыдырып кино тартып жүрүп, Жеки Чан Гонконгго 1983-жылы кайтып келген. Алгачкы дебюту – “Проэкт -А” таcмасын тарткан. Ушул жылдардан тарта фильмдерди тынымсыз тартып, кинодо өзгөчө стили менен дүйнөгө таанылган. Так ушул жылы актер арзыганы Фенг – Жоан Лин аттуу кызга баш кошот. Экөөнүн ортосунда Жейси аттуу уулу бар. Кинонун артынан түшүп, ар кайсы өлкөдө жүргөн актер никесиз бир айым менен жакын мамиледе болот. Ал “Мисс Азии” конкурсунун жеңүүчүсү Эленг, экөөнүн кызы бар. Бул жаңылыкты Жеки журналисттерге айтпай, көпкө сыр кылып каткан. Бирок чындык ачыкка чыгып, 1999-жылы 19-нобрда кыздуу болгонун гезит беттерине жазылат. Учурда актер кызына жардам берип, тез-тезден жолугушууга барып турат. Өз учурунда Жекинин үйлөнгөнүн уккан фонаттары асынып өлгөн. Мындай суук кабарларды уккан Жеки Чан катуу кайгыга батып, өзүнүн жеке жашоосу тууралуу ачылып айткысы келбейт.

Чыныгы аты: Фан Ши Лун

Америкадагы псевдоними: Джеки Чан

Туулган жылы: 7 апрель, 1954-жыл

Туулган жери: Гонконг

Жылдыз  белгиси: Кой

Боюу: 172см

Салмагы: 62 кг

Хоббиси: Кино, автомобильдер, ар түрдүү буюмдарды чогултуу

Самара Саламатова

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru