Айбат » Биринчи байлык ден соолук

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Биринчи байлык ден соолук

ден-соолукДен соолук – бул адам баласынын жашоосунун эң негизги шарттарынын бири. Ден соолугу жок адам баласынын бул дүйнөдө жашап кетүүсү абдан эле кыйын. Анткени, адам баласы кыймылдап, басып туруп, ар кандай жумуштарды аткарыш үчүн ден соолугу бекем болушу керек.

Ден соолук көйгөй эмес жашоо шарты болуш керек

Адам күнүмдүк жашоосунда өзү жөнүндө жана өзүнүн ден соолугу жөнүндө унутуп калат. Ал өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү менен алек болушат. Азыркы заманда адамдын ден соолугу начарлап, бир оорууга чалдыкмайынча же оорууканага жатып калбайынча жүрө беришет. Төшөкө жатып калгандан кийин анан ден соолук деген көйгөй пайда болот. Ден соолук көйгөй болбой тескерисинче жашоо шарты болуш керек. Ар дайым ден соолука көңүл буруп, каарылыка чейин оорубай, дайыма өзүбүздү жакшы алып жүрүш үчүн жаш кезден баштап ден соолугубузду жакшы карап, ар кандай физикалык машыгууларды, тамактануу режимин, ар кандай витаминдерди жана ысык – суука өзүбүздү көп кармабай жүрсөк ден соолугубуз ар дайым чың болот.

Күчтүү тамактангандар көп оорубайт

Көп кылымдан бери ден соолукту сактоо жөнүндө ар кандай элдик медициналар сакталып калган. Кыргыз элинин да ар кандай ооруларга каршы жана ден соолукту сактоо жөнүндө элдик медицина көп кылымдан бери сакталып келген. Көбүнчө ден соолукту чыңдоодо кыргыздар чөптөн ар кандай даары дармектерди жасап, анан аларды кайнатып ичип турушкан. Дагы бир ден соолукту чыңдоочу катары кыгыздар күчтүү тамактанышып, койдун этин жана, жылкынын чучугун жешип, кымыз ичишип, таза абада эс алышкан.  Ошон үчүн илгерки тоодо жашаган кыргыздар узак өмүр сүрүшүп, көп оорушкан эмес.

Ден соолукту сактоодогу негизги факторлор

Ден соолукту сактоого ар кандай факторлор таасир этет. Мисалы: туура тамактануу, оптималдуу эмгек убактысы, тазалык, активдүү кыймылдоо,тамеки чегүү жана алкоголь суусундуктарын ичүүдөн баш тартуу,жакындарды урматтоо жана сүйүү, жашоону позитивдүү кабыл алуу. Бул факторлор психикалык жана физикалык ден соолукту карылыка чейин сактоого жол ачат.

Ден соолук жашаган жерден да көз каранды

Ден соолуктун чың болушу адам баласынын жашоо шартынан, жашаган жеринен, климаттан көз каранды болот. Мисалы: жашоо шарты жакшы Европа мамлекеттерин алып көрсөк, ден соолугу жакшы жана узак өмүр сүрүшөт. Анткени, Европа мамлекеттеринде экономикалык абал абдан жакшы болгондуктан элдин маанайы ачык болуп, жакшы өмүр сүрүүнүн бирден бир шарттары болуп эсептелинет. Мисал катары  Кавказ элдерин алып көрсөк жашоо шарттары анча деле жакшы болбосо дагы, бул жакта жашаган элдердин ден соолугу чың жана дүйнөдө эң узак жашаган адамдар катары таанылган. Анткени, бул жактагы климат адамдын жашоосуна ылайыктуу.

Кыргызстанды алып көрсөк жашоо шарты бир топ эле начар болгондуктан, элдин көп бөлүгү ден соолука көп деле көңүл бурушпайт. Кыргызстандын түндүгү жашоо шартына абдан эле ылайыктуу,бирок ар кандай себептердин кесепетинен элдин ден соолугу анча деле жакшы эмес. Тоого жакын жашаган кыргыздарды деле алып көрсөк, узак жашагандар аз кездешет.Бул эмнени түшүндүрөт? Бул деген ошол кыргыздардын ден соолукту сактоого болгон мамилеси бир топ эле ылдый десек болот.

Ден соолукту сактоо – мамлекеттин, коомдун, жеке адамдын-негизги максаты болуш керек деп эсептейм. Анткени, ден соолугу жок адам бул дүйнөдө эч кимге кереги жок болуп калат. Ошондуктан келгиле баарыбыз биригип, бул күндөн тартып өз ден соолугубузга көңүл бурабыз.

Ден соолукту сактайм десеңиз төмөнкүлөрдү аткара жүрүңүз:

Мээни активдүү иштетүү

Жагымдуу жумуш

Рационалдуу тамактануу

Өзүнүн жашына карата тамактануу

Өзүнүн жеке ой пикири

Сүйүү

17-18 градустагы 6-7 саат уктап эс алуу

Дайыма физикалык машыгууларды жасоо

Кез-кезде таттууларды жеп туруу

Позитивдик энергияны таратуу

Күлкү шаңга батуу

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru