Айбат » Көлдөгү “Алма фестивалы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Көлдөгү “Алма фестивалы”

121-сентябрында жыл сайын өтүүчү “Алма фестивалы” Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын маданият үйүндө болуп өттү, анда Нарын, Ысык-Көл облустарынан, чет өлкөлөрдөн  Франция, Голландия  жана Швециядан  Бакчылык ассоциациясынын мүчөлөрү келишти. Жалпысынан миңдей киши катышты.

Фестивалдын максаты ар кайсы жерден келген бакчылар бири-бири менен иш тажрыйба алмашуу болуп эсептелээрин уюштуруучулар айтылды. Ошондой эле сатуучу менен сатып алуучулардын ортосундагы соода-сатык иштеринин бекемделиши. Мындай Эл Аралык иш-чараны “Компаньон”, “Мерсико” коомдук бирикмелердин ассоциациясы Кара-Ой Айыл өкмөтү менен бирдикте уюштурду. Фестивалга катышуучулардын айтуусунда  жогорку деңгээлде өттү.

Фестивалга Ысык-Көл өрөөнүндө өстүрүлгөн 30 дай ар түрдүү сорттогу алмалар коюлду, алсак,  Безгурт, Кельва, Томсон, Клипсон, Белфлер, Авангард, Графштейн. “Эң чоң алма”, “эң даамдуу пирог”, “алмадан жасалгаланган эң кооз костюмдар” аттуу сынактар жана аукциондор өткөрүлдү. Эң чоң алманын салмагы-480 граммды жана диаметри 12 см түздү, аны Кара-Ой айылынын тургуну Бадахшанова К. өстүргөн. Мындай чоң салмактагы алманы Франциядан келген айым аукциондон 600 сомго сатып алды, эң оригиналдуу пирогду 1500 сомго сатылды, ал эми көлөмү 30 кг түзгөн ашкабак 700 сомго бааланды.  Келээрки жылдын эстафетасы Ош облусунун +згөн районунун Ак-Жар айылына өткөрүлүп берилди

Алма фестивалында  Ысык-Көл облмамадминистрациясынын, раймамадминистрациясынын жетекчилери, Франциядан бакчылык ассоциациясынын мүчөлөрү, Ысык-Көл, Нарын жана Чуй облустарынын бак өстүрүүчүлөрү, Облустук био-лаборатория жана Каракол  район аралык Кыргызагробиоборбору катышкан атайын тегерек стол уюштурулду. Андан соң Кара-Ой айыл өкмөтүнүн жамааты, айыл тургундары, Кара-Ой айылындагы К.Бектенов атындагы орто мектептин окуучулары, бала-бакчадагы бөбөктөр катышуучуларга көңүл эргитээрлик атайын концерттик программа тартуулашты.

Рыскүл Тыныбек кызы

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru