Айбат » Жээнбай Жаныбеков, Чолпон-Ата шаарынын РЭСнин жетекчиси: “Элибизди сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга аркеттенебиз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жээнбай Жаныбеков, Чолпон-Ата шаарынын РЭСнин жетекчиси: “Элибизди сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга аркеттенебиз”

Жаныбеков Жээнбай– Жээнбай мырза, айтсаңыз сиз бул кесиптин ээси болом деп бала кезиңизден кыялданчу белеңиз, же кандайдыр бир себептер менен аркалап калдыңызбы?

– Бала кезимде электр тармагында эмгектенем деп ойлочу эмесмин. Окуу жайын бүтүрүп, анан Чолпон-Ата шаарынын РЭСне 1995-жылы электромонтер болуп иштеп баштадым, электрликке кызыгуу мына ошол жылы иштеп жаткан учурда  башталды. Ар бир адам, кесиптин мыкты кадры болушу үчүн, албетте ал өз кесибин урматтап-сүйүш керек. Анын сыңарындай, 1995-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин ушул тармакта иштеп келатам.  Ал тургай эмгек китепчемде эки гана мөөр коюлуптур.

– Угушубузга караганда акыркы 10 жыл ичинде Чолпон-Ата шаарынын РЭСнин жетекчилери жыл сайын алмашып келиптир. Сиздин оюңузча, себеби эмнеде жана жетекчи болуш оорбу? Эмгек жамааты Сизди кандай кабыл алышты?

–Туура, акыркы 10 жылдын ичинде жетекчилер уламдан-улам алмашып келди. Себебин айтыш оор, көбүнчө иш алып баруу менен байланышат болуш керек. Анткени, жетекчи болуп иштеш жеңил эмес. Жетекчи десе эле отуруп алып, эмгек жамаатын башкара бериш керек эмес да, элдин көйгөйлүү маселелерин чечиш керек. Дайыма эл сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болушу үчүн, ар бир абонент менен тыгыз байланышта болуп, алардын арыз-муңдарын өз учурунда чечип берүүгө аракет кылып,  кыскасы система толук кандуу иштеп туруусу зарыл жана ошондой эле көп учурда эмгек жамааты да чоң таасир этет. Эмгек жамаатынын урмат-сыйына  татыган инсандан болуш керек деп ойлойм. Айта кетсем, раматылык Тузан Досалиев  деген киши, бир четинен менин мугалимим десем болот, экинчи жагынан жетекчим болчу.  Ал киши Чолпон-Ата шаарынын РЭСда 33 жыл жетекчи болуп иштеди. Алгач эмгек жолумду мына ошол кишинин колунан баштадым. 1995-жылы жумушка мени Тузан Досалиевич кабыл алды,  көп нерсени үйрөттү.  Ал кишинин сүйлөгөн сөздөрү, жүргүзгөн иштери али көз алдымда турат. “Жээнбай, эгер мыкты адис болом десең, ишиңе так болуп, сапаттуу иш алып барганга аракет кылышың керек. Ишиңди так, туура аткарсаң, мен сени инженерликке чейин көтөрүп алам деп айтчу эле”.  Ал киши айткандай, учурда жетекчи болуп дайындалып, буюрса чоң-чоң ийгиликтерди жаратканга болгон аркетимди жумшайм деп ишенем.

Эмгек жамааты мени абдан жылуу тосуп алышты.

-Электр энергия тармагында бир топ көйгөйлүү маселелер бар эмеспи. Сиз жетектеген мамишкананы алдыга сүйрөп кетүүгө, кандай пландарды койдуңуз?

–Туура, көйгөйлөр көп. Демек, алдыда жасала турган иштер арбын.  Кечээ жакында Бишкекте министрликке атайын чогулушка катышып келдим. Учурда контролер менен абонент ортосунда бир топ түшүнбөстүктөр болуп, ал тургай аягы ыр-чыр менен бүткөн көрүнүштөр көп  болуп атат. Мына ошондой жагдайлардан кутулуш үчүн заманбап атайын АСУ (автоматтык системалык башкаруу) прибору ар бир абонентке коюлуп атыптыр. Бишкек шаарында 110 миң счетчик коюлуп бүткөндөн кийин, эмки кезек бизге Ысык-Көл районуна коюла баштайт. Бул прибор автоматтуу түрдө, ар бир абонент саатына канча электр энергиясын колдонуп аткандыгын көрсөткөндөн сырткары, счетчикти убактылуу  токтотом, же артка бурайм  деген сыяктуу терс көрүнүштөрдү жасай албайсың. Анткени,  компьютерде баардыгы даана көрүнүп турат.  Менимче, мындай системага өтсөк, электр тармагындагы кызматкерлер менен абоненттердин ортосунда  ынтымактык пайда болуп, жана электр энергиясы да дайынсыз жоголууга учурабайт эле.  Эң башкысы счетчикти коердо, канча жылдан бери алмаштырылбаган эски электр зымдары да жаңыртылат. Алгач ири-ири эс алуу жайларына коебуз, андан соң жөнөкөй абоненттерге коюп чыгабыз. Тагыраак айтканда, элибизди сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууга болгон аркеттерибизди жумшайбыз.

Рыскүл Тыныбек кызы

Айбат гезити №47



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru