Айбат » «До+Фа» тасмасынын экинчи бөлүгү тартылып жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » «До+Фа» тасмасынын экинчи бөлүгү тартылып жатат

Чолпонай

Көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, учурдун эң актуалдуу тасмаларынын бири болгон «До+Фа» кинокомедиясынын экинчи бөлүгү азыркы учурда тартылып жаткан учуру.  Белгилүү болгондой, тасманын экинчи бөлүгүндө башкы ролдорду ошол эле актерлор-Чолпонай жана «Тамашоу» курама командасынын оюнчусу-Самат Эркинбеков жаратмакчы. Тасма күйөрмандары Доорон менен Фариданын сүйүүсүнүн уландысын жана ага коштолгон көптөгөн окуяларды көрө алышат.

Тасма ноябрь айында презентацияланып, прокатка чыгат. Эң кызыгы экинчи бөлүгүндө Чолпонай жана Самат баш кошушуп, тасмада «До+Фа=Свадьба» деп аталат. Буга кошумча тасмага «Большие люди» долбоорунун актерлору да тартылышат. Эскерте кетсек, музыкалык кинокомедиянын экинчи бөлүгүнүн продюсерлери Нурлан Мамакеев жана Эрнест Уметалиев.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru