Айбат » Гүлнур Сатылганова Кытайлык кыргыздарга концерт берип келди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Гүлнур Сатылганова Кытайлык кыргыздарга концерт берип келди

Гульнур Сатылганова22-сентябрда  кыргыз ырчыларынын «ханышасы» Гүлнур Сатылганова Кытай жергесинде жашаган кыргыз журтуна барып,  өзүнүн өнөрүн  дагы бир жолу тартуулап ал жактагы туугандарды сүйүнтүп кайтты. “Саламатсыңбы Кыргызстаным, Кыргыз элим жана бардык достор! Кечээ Улуу Кытай жергесинен учуп келдим абдан чарчап, сагынып. Концерт берип бүт кыргыз эли жашаган жерлерди кыдырып, кубандырып келдик, эң акыркы концертибиз Үрүмчү шаарында болду. Телеге тартылды, буйруса ошол жандуу концертибизди жакын арада көрүп каласыздар. Дагы бир жакшы нерсе биз Акчий деген жерден Улуу атабыз Жусуп Мамайдын батасын алып келдик. Негизинен ошол жактагы Кыргыз элине чоң ыраазычылык билдирем, 15 күн бою аябай коноктошуп мени көкөлөтүп алып жүрүшүтү, аларда сакталып калган намыскөйлүк, адамгерчилик, кең пейилдик, кичипейилдик айкөлдүктөрү абдан таң  калтырды, Рахмат Кыргыз элиме!”- дейт Гүлнур айым.

Айбат гезити №47




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru